Курмандык чалуу үчүн карыз алууга болобу?
Курмандык чалуу үчүн карыз алууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде, ошол мусулман адамга курмандык чалуу важиб болуп, бирок, жанында акчасы жок болсо, анда ал карыз алууга милдеттүү. Ал эми эгерде, ага курмандык чалуу важиб болбосо жана ал өзү муктаждарга кирсе, анда ага курмандык чалуу үчүн карыз алуу дурус эмес. Бирок, кандай болгондо да, карыз алган болсо, андан тезирээк кутулууга тийиш.
وأما شرائط الوجوب منها اليسار... وأما حكمها فالخروج عن عهدة الواجب في الدنيا والوصول إلى الثواب بفضل الله تعالى في العقبى. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٢ ط: رشيديه).
فقط و الله اعلم
Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын