Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Кыймылсыз мүлк, эгерде ал сатуу максатында эмес жашаганы алган болсо, анда ал зекет бериле турган мүлккө жатпайт жана мына ушул себептен айтылган квартирага зекет берилбейт. Бирок, квартиранын ижара акысынан зекет берилет, эгерде алынган акынын өлчөмү нисабка жетсе же андан ашса жана ортодо бир зекет жылы өтсө, ал эми эгерде зекетке жетпесе, анда бул учурда зекет берүүнүн кереги жок.
Эгерде, ижарага алынган акчадан тышкары бөлөк зекет берилүүчү мүлкү болсо, анда ижаранын акчасы жалпы зекет төлөнүүчү мүлктүн эсебине кошулат жана зекет жылы толоору менен жалпы мүлктөн зекет берилет.
“Зекет жылы” ай календары боюнча 12 ай жана ал календарлык жылдын башында эмес, адам нисабы жеткен зекет төлөнүүчү мүлккө ээ болгон күндөн тартып эсептеле баштайт.
وثمنية المال كالدراهم والدنانير لتعينهما للتجارة باصل الخلقة وتلزم الزكاة كيفما امسكهما ولو للنفقة. (البحر الرائق ج:۲ ص: ۲٦٧ ط: سعيد)
الزكاة واجبة على الحر العاقل البالغ المسلم اذا ملك نصابا ملكا تاما وحال عليه الحول. (فتح القدير ج: ۲ ص: ١١۲ ط: كوئته)
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق