Намазда сөөмөйдү көтөрүү
Мээринмдүү, Ырайымдуу Алланын ысмы менен
Валейкум ассалям ва рахматуллахи ва баракатуху!
الجواب حامدا ومصليا
Намазда шахаданы айтууда сөөмөйүн көтөрүү, сүннөт (сооптуу) амал болуп эсептелет. Ошондуктан, кайсы бирөөлөрдүн сөөмөйүн көтөрбөй коюусу намаздын кабыл болуусуна таасирин тийгизбейт. Ошондуктан, бул амалды туура аткаруу кыйын болсо, андай көтөрбөй эле койсоңор болот.
Ташахудда (ат-тахият) шахаданы айтууда сөөмөйдү көтөрүү, ханафи аалымдарынын пикири боюнча, сүннөт (сооптуу) амал болуп эсептелет. Айтылып кеткендерге далил катары, ханафи мазхабынын ишенимдүү булактарынан риваяттарды келтиребиз.
Имам Мухаммад (ага Алланын рахматы болсун) Алланын Элчисинин (Алланын ага салам жана салаватары болсун) бир хадисин риваят кылат:
كان رسول الله صلى الله عليه وسلم إذا جلس في الصلاة وضع كفه اليمنى على فخذه اليمنى وقبض أصابعه كلها وأشار بإصبعه التي تلي الإبهام ووضع كفه اليسرى على فخذه اليسرى، قال محمد رحمه الله تعالى وبصنيع رسول الله صلى الله عليه وسلم نأخذ وهو قول أبي حنيفة رحمه الله تعالى. (المؤطأ ج: ١ ص: ١٠٨ باب العبث بالحصى في الصلاة ط: قديمي كتب خانه).
Котормосу: “Качан Алланын Элчиси (Алланын ага салам жана салаватары болсун) намазда олтурганда (ташахудда), оң алаканын оң тизесине коюп, манжаларынын бардыгын түйүп (муштумга) жана сөөмөйүн бармагына жаткырган жана сол алаканын сол бутуна койгон”. Имам Мухаммад (ага Алланын рахматы болсун) айтат: “Биз дагы Алланын Элчисинин (Алланын ага салам жана салаватары болсун) жасаганын жасайбыз жана бул имам Абу Ханифанын (ага Алланын рахматы болсун) дагы пикири”.
«Мараки аль-Фалях» китебинде айтылган:
وتسن الإشارة في الصحيح لأنه صلى الله عليه وسلم رفع إصبعه السبابة وقد أحناه شيئا (رواه النسائي)، ومن قال أنه لا يشير أصلا فهو خلاف الرواية والدراية وتكون بالمسبحة أي السبابة من اليمنى فقظ يشير بها عند انتهائه إلى الشهادة في التشهد... يرفعها عند النفي أي نفي الألوهية عما سوى الله تعالى بقوله لا إله ويضعها عند الإثبات أي إثبات ألوهية لله وحده بقوله إلا الله ليكون الرفع إشارة إلى النفي والوضع إلى الإثبات (مراقي الفلاخ ص: ٩٩ فصل في سننها).
Котормосу: “Ишенимдүү пикирге ылайык, сөөмөй менен кыймыл жасоо бул сүннөт, анткени Алланын Элчиси (Алланын ага салам жана салаватары болсун) сөөмөйүн бир аз бүгуп көтөргөн (имам Насаинин риваяты). Ал сөөмөйдү көтөрбөө жөнүндөгү пикирлер болсо, (Алланын Элчисинен (Алланын ага салам жана салаватары болсун) айтылган) риваяттарга да жана келтирилген жүйөөлөргө да каршы келет. Сөөмөйдү көтөрүү ташахудда шахадат айтуу учурунда оң кол менен гана жасалат.
...Манжа “Лаа илааха” деп Алла Тааладан башка бардыгын четке кагуу учурунда гана көтөрүлөт жана “Иллаа Аллах” деп Алла Тааланы тастыктаганда түшүрүлөт. Мындайча айтканда сөөмөйдү көтөрүү четке кагууну, ал эми түшүрүү тастыктоону билдирет.
وهل يشير بالمسبحة إذا انتهى إلى قوله "أشهد أن لا إله إلا الله" قال بعض مشائخنا: لا يشير لأن فيه ترك سنة اليد وهي الوضع، وقال بعضهم" يشير فأن محمدا رحمه الله تعالى قال في كتابه: "حدثنا عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه كان يشير بإصبعه فيفعل مثل ما فعل ويصنع مثل ما صنعه وهو قول أبي حنيفة رحمه الله تعالى وقولنا (بدائع الصنائع ج: ١ ص: ٢١٤ ط: سعيد).
«Шарх мунья аль-Мусалли» китебинде айтылган:
ذكره في النهاية وغيرها قال نجم الدين الزاهدي: لما اتفقت الروايات عن إصحابنا جميعا في كونها سنة وكذا عن الكوفيين والمديين وكثرت الأخبار والآثار وكان اعمل بها أولى (شرح منية المصلي ص: ٣٢٨ ط: سهيل اكديمي).
«Ан-Нихая» жана башка китептерде келтирилген, Нажм ад-Дин аз-Захиди мындай дейт: “Биздин аалымдардан келтирилген бардык риваяттар алардын бул жөнүндө пикирлери бир экендигин жана (манжаны көтөрүү) сүннөт экендигин далилдейт”. Куфа жана Мединанын аалымдарынан дагы ушундайча айтылган. Жана ошондой эле (бул маселе боюнча) көптөгөн хадистер жана кабарлар бар. Ошондуктан, ушул айтылгандарга амал кылуу жакшыраак.
«Радд аль-Мухтар» китебинде айтылган:
وفي الدر: لكن المعتمد ما صححه الشراح لا سيما المتأخرون كالكمال والحلبي والبهنسي والباقاني وشيخ الإسلام الجد وغيرهم أنه يشير لفعله صلى الله عليه وسلم ونسبوه لمحمد رحمه الله تعالى والإمام رحمه الله تعالى بل في متن درر البخار وشرحه غرر الأذكار: المفتى به عندنا أنه يشير.
وتحته في الرد: (قوله: ونسبوه لمحمد رحمه الله تعالى والإمام رحمه الله تعالى) وكذا نقلوه عن أبي يوسف رحمه الله تعالى في الأمالي، فهو منقول عن الأئمة الثلاثةوفي القهستاني عن أصحابنا جميعا أنها سنة... وفي المحيط أنه سنة، يمكن التوفيق بأنها غير مؤكدة... (رد المحتار ج: ١ ص: ٥٠٨ ط: سعيد).
Котормосу: Аалымдар (фикх китептери боюнча), өзгөчө Камаль, Халяби, Бахнаси, аль-Бакани, Шейх аль-Ислам ж.б. сыяктуу кийинки кылымдардын аалымдары ишенимдүү деп эсептешкендей, сөөмөй менен кыймыл жасоо керек, анткени Алланын Элчиси (Алланын ага салам жана салаватары болсун) ушундай кылган. Мындан тышкары, бул пикирди имаму Мухаммад жана имам Абу Ханифага (ага Алланын рахматы болсун) таандык кылышкан, анткени «Дурар аль-Бихарда» жана анын түшүндүрмөсү «Гарар аль-Азкарда»: “Биздин оюбуз боюнча, фатва манжаны көтөрүү керектигине” - деп айтылган”.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق