KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Гусулсуз жүрсө эмне болот?

Гусулсуз жүрсө эмне болот?
Ас-салам алейкум. Башка жакта мусаапыр болуп жүргөндө гусул бузулса, шарт жок болсо, гусул албай гусулсуз жүрсө эмне болот?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Ва алейкумус-салам! Гусул албастан жүрөө берүү бул – күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан, кайсыл жерде болсоңуз да, арекет кылып, намаздын убактысы чыгып кетиштен мурун гусул алып жетишиңиз. Гусулсуз адам көп сооп иштерден кур калат. Гусулу жок адам намаз окуй албайт, Куран окуй албайт, мечитке киргенге болбойт ж.б

Гусулсуз жүрүп намаздар каза болуп кетет. А намаздарды каза кылуу –  бул өтө чоң күнөө.

Гусул албай жүрө бергендерге карата бир канча коркутуу хадистер да айтылган:

عن علي رضى الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "لا تدخل الملائكة بيتا فيه صورة و لا كلب و لا جنب". رواه أبو داود و النسائى

Али (розиялооху ъанху) айтат, Пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи ва саллам) мындай деген: «Сүрөт, ит жана жунуб (гусулсуз адам) бар үйгө периштелер кирбейт». (Абу Дауд, Насаи)

Дагы башка риваятта «Гусулсуз адамга периштелер жолобойт», –  деп айтылат (Мишкат).

Демек, гусул албастан жүрө берүү бир гана өзүңүзгө эле эмес. Үйүңүздөгүлөргө да зыян алып келет. Ырайым периштелери кирбегенден кийин ал үйгө жин, шайтан толуп алат да, чыр-чатак, берекесиздик орун алат. Ошондуктан, кайсыл жерде болбосун, шарт таап гусул алыңыз. Айылдагы мончолор менен сүйлөшүп, же болбосо мечиттин гусулканалары болот, кыскасы гусулсуз жүрбөңүз.

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+7
03:41
2430

Башка фатвалар

Чачты эки жанын, капталын алып үстүн калтырып, же өстүрүп аркага кайтарып жүрсө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баркаату