Чачты эки жанын, капталын алып үстүн калтырып, же өстүрүп аркага кайтарып жүрсө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баркаатуху!
Чач алдыруунун кээбир көрүнүштөрүнө шарият уруксат берет, мисалы: «Чачты эки жанын (лысый кылбай) бир аз алып, үстүн калтырып койсо м.а. каптал менен үстү тарабы айырмаланбагыдай кылып, же толук өстүрүп аркага кайтарып жүрсө» болот. Ал эми, кээбир көрүнүштөрүн шарият тыюу салат, мисалы: «Чачты ортосунан кырып, капталдарын калтыруу же капталдарын кырып, ортосун калтыруу же баштын ар кайсы жеринен кырдырып салуу.
Ибн Умар (разияллоху анхума) айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) «КАЗАЪ» кылууга тыюу салды. Ал айтты: Мен Наафиъге: «КАЗАЪ» деген эмне? Деп сураганымда, ал айтты: чачтын бир бөлүгү алынып, бир бөлүгүн калтырып коюу» - деди. Мына ушундан Пайгамбарыбыз (сааллаллоху алайхи ва саллам) тыюу салды.
Демек, чачты эки жанын, капталын (лысый кылып) кырып, үстүн калтыруу бул «КАЗАЪ» тын өкүмүнө кирет жана тыюу салынган амал болуп эсептелет. Ошондой эле, мусулман эмес башка коомдорду туурап прическа коюу да уруксат эмес.
يكره القزع وهو أن يحلق البعض ويترك البعض قطعا مقدار ثلاثة أصابع كذا في الغرائب وعن أبي حنيفة رحمه الله يكره أن يحلق قفاه إلا عند الحجامة كذا في الينابيع. (الفتاوي الهندية:٥/٣٥٧).
ویکرہ القزع: وهو أن یحلق البعض ویترک البعض۔ (رد المختار: ۹/۵۹۴، کتاب الحظر والاباحة، باب الاستبراء وغیرہ،).
عن ابن عمر أن رسول الله صلی الله عليه وسلم نهي عن القزع۔ (فتح الباری: ۱۰/۳۷۶، کتاب اللباس، باب القزع رقم الحديث ۵۷۱۰، ص:۵۹۲۰، ط: علی نفقة صاحب السمو الملکی الأمیر سلطان بن عبد العزیز آل سعود۔ وعنه قال: قال رسول الله صلی الله عليه وسلم: من تشبه بقوم فهو منهم۔ ابوداوٴد، کتاب اللباس، باب في لبس الشهوة، رقم الحدیث: ۴۰۳۱۔)
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ