Өгөй энеге да өз апаңдай мамиле кылыш керекпи?
Ассалам алейкум! Менин суроом: «Өгөй энеге да өз апаңдай мамиле кылыш керекпи»?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Хадисте келген: «Бейиш энелердин таман астында». Бул хадисте «Энелердин» деп көптүк сөз менен келген. Ошол себептен, аалымдар «энелер» дегенде, өз энеси (апасы, мамасы), чоң энеси, тайэнеси, өгөй энеси, баарын эске алышкан. Алардын бардыгы менен сый-урмат, жакшы мамиле кылып, батасын алуу керек. Албетте, төрөгөн апанын акысы, ага кызмат кылуу башкаларга караганда көбүрөөк. Ошондуктан, өгөй энеге да урмат-сый мамиле кылуу керек. Анткени, ал сиздин атаңыздын аялы.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق
Жооп берди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Текшерди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]