Духа намазы кантип окулат?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Духа намазы нафил (кошумча) намаз болуп эсептелет. Демек, башка нафил намаздар кандай окулса, дал ошондой кылып эле окуй бересиз. Хадистерде келген риваяттарга карасак Духа намазы 2 рекеттен баштап, 12 рекетке чейин окулат. Бирок, эң жакшысы 4 рекет деп айтылат. Кааласаңыз эки-эки рекеттен салам берип, кааласаңыз төрт-төрт рекеттен салам берип окуйсуз. Аалымдардын көз караштары боюнча Духа намазынын убактысы Ишрок намазы окулгандан кийин башталат. Тагыраак айтканда күн толугу менен чыгып, найза бою көтөрүлгөндөн кийин Ишрок намазы окулат, андан кийин түшкө чейин Духа намазы окулат. Бирок, эң жакшы убактысы деп күндүзгү убакытты төрткө бөлүп, ошонун биринчи бөлүгүнөн кийинки убакыт болуп саналат. Ал эми ар бир рекетте «Духа» сүрөсүн окуу шарт эмес. Каалаган сүрөлөрүңүздү окусаңыз болот. Албетте, риваяттарда «Духа» жана «Шамс» сүрөлөрүн окуса жакшы деп айтылат. Калтырбай окуганга арекет кылыңыз, Духа намазынын пайдалары хадистерде өтө көп келген:
عن انس ابن مالك قال: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "من صلى الضحى ثنتي عشرة ركعة بنى له الله قصرا فى الجنة من ذهب" (الترمذى)
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан: «Кимде-ким 12 рекет Духа намазын окуган болсо, ал үчүн Аллах Таала бейиштен алтындан касыр (сарай, дворец) курат». (Тирмизи)
عن ابي هريرة قال:قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "من حافظ على شفعة الضحى غفر له ذنوبه و إن كانت مثل زبد البحر" (الترمذى)
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан: «Кимде-ким Духа намазынын эки рекетине дайыма бекем болсо, анын күнөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет». (Тирмизи)
فى الدر: (و) ندب (أربع فصاعدا فى الضحى) على الصحيح من بعد الطلوع إلى الزوال، و وقتها المختار بعد ربع النهار. و في المنية: أقلها ركعتان و أكثرها اثنتا عشرة. (رد المحتار ٢/٤٦٥ ط: امدادية)
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق