Арабча тамгаларды үйрөнүп жатканда да даарат болуу керекпи?
Арабча тамгаларды үйрөнүп жатканда да даарат болуу керекпи, б.а “Муаллим сани” китебин кармаса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Мусулман адам ар дайым даарат менен болгону жакшы, өзгөчө диний сабактарды окутуп жана окуп жатканда. Ошол үчүн сиз аракет кылыңыз жок дегенде ар дайым даарат менен сабак алганга. А эгерде кокус даарат жок болуп калса, анда “Муаллим сани” деген китепти даарат жок үйрөнүү болот, эгер Корандын аяттарына кол тийгизбесеңер. Ал эми тамгаларга дааратсыз кол тийгизсе деле болот, бирок адепке туура келбейт. Аяттарга кол тийгизүү такыр уруксат эмес.
في الرد: (قوله ومسه) أي القرآن ولو في لوح أو درهم أو حائط لكن لا يمنع إلا من مس المكتوب، بخلاف المصحفظ
وفيه أيضا: (قوله فيه آية) قيد بالآية لأنه لو كتب ما دون الآية لم يكره مسه كما في القهستاني (رد المحتار ١/۲٩۳ ط: سعيد).
المحدث لا يمس المصحف... ولا بأس بأن يقرأ القرآن (الفتاوى التاتارخانية ١/١۲٤ ط: ادارة القرآن).
فقط ووالله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]