Намазда Куран сүрөлөрүн кайсы тартипте окуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
1. Фарз намаздын биринчи экинчи рекеттеринде бир эле сүрөнү окуу макрух танзихи, мындайча айтканда, дурус эмес. Бирок, эгерде окулуп кетсе, анда айыбы жок. то есть не желательно.
في الدر: لا بأس ان يقرأ سورة ويعيدها في الثانية.
وتحته في الرد: (قوله لا بأس أن يقرأ سورة الخ) أفاد أنه يكره تنزيها. ( رد المحتار ١/٥٤٦ ط: سعيد).
2. Биринчи рекетте сүрөнүн башынан, ал эми экинчисинде аягынан окууга уруксат берилет, эгерде биринчи жана экинчи рекеттеги аяттардын ортосунда жок дегенде эки аят болсо, бирок мындай кылуу дурус эмес. Ошондой эле, эки рекетте тең ар башка сүрөлөрдүн аягынан окуу макрух танзихий.
في الدر: وإن يقرأ في الأولى من محل وفي الثانية من آخر ولومن سورة إن كان بينهما آيتان فأكثر.
وتخته في الرد: (قوله وأن يقرأ في الأولى من محل إلخ) قال في النهر: وينبغي أن يقرأ في الركعتين آخر سورة واحدة لا أخر سورتين فإنه مكروه عند الأكثر.
وأيضا فيه: (قوله ولومن سورة الخ) واصل بما قبله أي لوقرأ من محلين بأن انتقل من أية إلى أخرى من سورة واحدة لا يكره إذا كان بينهما آيتان فأكثر لكن الأولى أن لا يفعل بلا ضرورة لأنه يوهم الإعراض والترجيح بلا مرجح شرح المنية. (رد المحتار ۱/۵٤٦ ط: سعيد).
3. Биринчи жана экинчи рекеттерде сүрөлөрдү Куранда келген тартиби менен окубоо, мындайча айтканда ортодо бир кыска сүрөнү таштап кетүү макрух болуп эсептелет.
في الدر: ويكره الفصل بسورة قصيرة. (رد المحتار ۱/۵٤٦ ط: سعيد).
4. Намазда сүрөлөрдү кийинкилеринен баштап окуу, мисалга биринчи рекетте «аль-Кафирун», экинчи рекетте «аль-Филь» сүрөсүн окуу – макрух. Бирок, кимдир бирөө унутуп, ушундай тартипте баштап алса, анда аны таштап башка сүрөгө өтүп кетпей, аягына чыгара окуп коюу керек.
في الدر: وفي القنية: قرأ في الأولى الكافرون وفي الثانية – ألم تر – أو – تبت – ثم ذكر يتم وقيل: يقطع ويبدأ.
وتحته في الرد: (قوله ثم ذكر يتم) أفاد أن التتتنكسي أو الفصل بالقصيرة إنما يكره إذا كان عن قصد، فلو سها فلا كما في شرح المنية. وإذا انتفت الكراهة فإعراضه عن التي شرع فيها لا يتبغي. وفي الخلاصة: افتتح سورة وقصد سورة أخرى فلما قرأ آية أو آيتين أراد ان يترك تلك السورة وسفتتح التي أرادها يكره. وفي الفتح ولو كان أي المقروء حرفا واحدا. (رد المحتار ١/٥٤٧ ط: سعيد).
Жогоруда айтылып кеткен Куран окуу тартиби фарз намаздарга тийешелүү, ал эми нафил намаздарга бул тыюуларга уруксат берилет, бирок жакшысы тартиби менен окуу керек.
في الدر: وأن يقرأ منكوسا.
وتخته في الرد: (قوله وأن يقرأ منكوسا) بأن يقرأ في الثانية سورة أعلى مما قرأ في الاولى. (رد المحتار ۱/۵٤٦ ط: سعيد).
ولا يكره في النفل شيء من ذلك. (رد المحتار ۱/۵٤۷ ط: سعيد).
والله اعلم بالصواب