KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кайсы учурларда намаздарды бириктирип окууга уруксат берилет?

Кайсы учурларда намаздарды бириктирип окууга уруксат берилет?
Кайсы учурларда намаздарды бириктирип окууга уруксат берилет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ханафий мазхабында фарз намаздарды бириктирүүгө уруксат берилбейт, анткени ар бир намаздын окула турган өзүнүн убактысы бар жана ар бирин өз убагында гана окуу фарз болуп эсептелет, ал эми намазды белгиленбеген убакта окуу күнөө. Бул эки намазды кошуп окууда кайсы вариантты колдонууга жараша болбойт. Биринчи варианты качан бир намазды мурда мисалы, аср намазын зухр намазынан кийин зухр намазынын убактысында окуу. Бул жама такдим деп аталат.

Экинчи варианты, бир намазды калтырып коюп аны кийинки намаздын убагында, мисалга зухрду аср намазынын убагында окуу. Бул жама тахир деп аталат.

 Алла Таала Куранда айткан:

"إن الصلاة كانت على المؤمنين كتابا موقوتا" (النساء الآية: ١٠۳).

Акыйкатта, намаз белгиленген убакыттарга дайындалган” (Ниса, 103).  

Ошондуктан, ар бир намазды мейли сапарда, же оору болсун өз белгиленген убагында гана окуу керек.

Бирок,  Арафа жана Муздалифа өрөөнүндө окулуучу намаздар бул эрежеге кирбейт. Арафа өрөөнүндө эгерде ажылык кылуучу намазды имамдын аркасынан Намира мечитинде окуй турган болсо, анда зухр жана аср намаздары зухр намазынын убагында бириктирилип окулат. Ал эми Муздалифа өрөөнүндө болсо, ажылык кылуучу жалгыз окуса да, шам жана куптан намаздары куптан намазынын убагында бириктирилип окулат.

Бирок, эгерде адам оорулуу болсо жана ар бир намазда туруп окуу ага оорчулук келтирсе, анда ал бир намазды убактысынын эң акырында, кийинкисин анын убактысы башталаары менен окуйт. Мисалы, зухр намазын аср намазы башталаарына аз калганда окуп, ал эми аср намазынын убактысы башталаары менен аср намазын окуйт.

في الدر: (ولا جمع بين فرضين في وقت بعذر) سفر ومطر خلافا للشافعي زما رواه محمول على الجمع فعلا لا وقتا (فإن جمع فسد لو قدم) الفرض على وقته (وحرم عكس) أي أخره عنه (وإن صح) بطريق القضاء (إلا لحاج بعرفة ومزدلفة) كما سيجيء. (رد المحتار ١/۳۸١-۳۸۲ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
07:19
1686

Башка фатвалар

Курани Каримди соткадан дааратсыз окууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Куранды жат билген Каары дааратсыз окууга мүмкү
Алыскы сапарларда поездде же автобуста намазды олтуруп окууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Транспорттун кайсы түрү болбосун, олуттуу себеп
Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Бөлөк бирөө үчүн курмандык ча