Намазда белдин ачылып калуусу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Негизи, киндик жана анын үстүнкү курсагы, анын каршысындагы бели, арты жана эки капталы жана алардын үстүндөгү бөлүгү эркекке караштуу аврат эмес. Бирок алардын төмөнкү бөлүгү авратка кирет, мындайча айтканда киндиктен тартып тизеге чейин (тизени кошуп) жана арты, эки капталы бир аврат болуп саналат.
Демек, эгер эркек киши намаз окуп жатып авратынын төрттөн бир бөлүгү ачылып калса жана «СУБХАНАЛЛОХ» ты үч жолу айта турганчалык ачык болсо, анда анын намазы жараксыз болуп калат. Ошол себептен намаз окуп жаткан учурда, узун кийим кийгениңер жакшы, мустахаб болот. Аврат ачылып калуу коркунучу болбойт.
أعضاء عورة الرجل ثمانية:.... الثامن ما بين السرة إلي العانة مع ما يحاذي ذلك من الجنبين و الظهر والبطن. (فتاوي شامي: ج/٣،ص:٨٢ ط:زكري). فالسرة ليست من العورة درر (شامي: ج/١،ص/٤٠٤).
ويمنع حتي انعقادها كشف ربع عضو قدر أداء ركن بلا صنعه من عورة غليظة او خفيفة علي المعتمد والغليظة قبل ودبر وما حولهما والخفيفة ما عدا ذلك من الرجل والمرأة (در مختار مع الشامي: ج/٢،ص/٨١،٨٢).
والله اعلم بالصواب