Рух менен нафстын айырмасы эмне?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) дан рух жөнүндө сурашканда, пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) рухтун акыйкаты туурасында өзү жооп бербестен Аллах Тааладан вахи күткөн.
Аллах Таала Курани Каримде мындай деген:
قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي (الاسراء:٨٥)
«Айткының! Рух менин Роббимдин буйругунан», башкача айтканда «Рух» дагы Роббимдин маклугунан.
Сахих Бухари жана башка хадис китептеринде мындай риваят келет:
Абдулла бин Масъуд (разияллоху анху) айтты: мен Мадинанын урандыларында пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) менен чогу бара жатканымда, пайгамбарыбыз курма дарагынан болгон таягына таянып бир топ жөөттөрдүн жанынан өтүп кетти. Алардын айрымдары бири – бирине: «андан рух жөнүндө сура» - дешти. Кээбири: «силер жек көргөн нерсе келип чыгат» – деп коркуп сурабагыла дешти. Ошондо алардын бири: «биз андан сөзсүз сурайбыз» – деди. Ошентип алардын бири ордунан туруп мындай деди: «Оо, Касымдын атасы! Рух деген эмне?». Пайгамбарыбыз унчукпай калды, (ибн Масъуд разияллоху анху) пайгамбарыбызга вахи келип жатат деп жүрөгүмдө айттым. Ошентип мен турдум. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) дан ал (вахи түшкөн) абал кеткенде, айтты: «Оо, Пайгамбар! Алар сенден рух жөнүндө сурашат. Айткының! Рух менин Роббимдин буйругу менен» (пайда болгон) жана силер анын (акыйкатын) билбейсиңер, анткени силерге аз гана илим берилген».
عن عبد الله قال: بينا أنا أمشي مع النبي صلي الله عليه وسلم في خرب المدينة وهو يتوكأ علي عسيب معه، فمر بنفر من اليهود فقال بعضهم لبعض: سلوه عن الروح وقال بعضهم: لا تسألوه لا يجيء فيه بشيء تكرهونه، فقال بعضهم: لنسألنه، فقام رجل منهم، فقال: يا أبا القاسم ما الروح؟ فسكت فقلت: إنه يوحي إليه، فقمت فلما انجلي عنه قال: "ويسئلونك عن الروح قل الروح من أمر ربي وما اوتيتم من العلم إلا قليلا" (الاسراء:٨٥، البخاري:١٢٥، المسلم:٢٧٩٤).
Кийинки заманада илимдүүлөр жана философтор рух жөнүндө түрдүү көз караштарын билдирип, бир канча китептерди жана брошюраларды жазышкан.
Ошондой эле, тафсир уламалар бул маселеде эки топко бөлүнөт. Айрым тафсирчилер бул маселеге терең кирип, көп маалымат берүүдөн алыс болушкан жана алар Алла Таала айткан аятты жетиштүү деп билишкен. Ошентип аалымдардын көпчүлүгү
قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي (الاسراء:٨٥)
ушул аятка токтолуп бул маселеде унчукпай турууну, туура жана абзел көрүштү.
Мавлана Муфти Мухаммад Шафиъ (рахматуллохи алейхи) мындай деп жазган:
Ыйык Куранда төмөнкү аят:
قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي (الاسراء:٨٥)
Тафсирчилер бул аятты ар түрдүү чечмелешкен. Алардын арасынан маани жактан эң жакыны азирети Кози Санауллах Панипатти (рахматуллохи алейхи) нин Тафсир Мазхарийде айтканы, башкача айтканда бул аятта кайсы нерсе зарыл болуп, жөнөкөй карапайым элге түшүнүктүү болсо ошол гана айтылган. Суралып жаткан рухтун толук акыйкаты айтылган жок. Анткени ал адамдардын түшүнүгүнөн тышкары болгон, жана аларга аны түшүнүүнүн эч кандай зарылдыгы болгон эмес. Бул жерде пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи ва саллам) га «Рух Роббимдин буйругу менен» – деп айтуу буйрулган. Башкача айтканда, ал жалпы заттын көбөйүшү жана көбөйүү жолу менен пайда болгон жандыктарга окшош эмес, тескеринче, Аллах Тааланын «КУН» – деген буйругу менен түздөн – түз пайда болгон нерсе. Ал эми адам баласы үчүн рух тууралуу ушунча билүү жетиштүү, андан да көп билбей калса диний жана дүйнө иши токтоп калбайт. Ошондуктан ал суроо пайдасыз жана маанисиз болгондуктан жооп берилген жок. Анткени анын акыйкатын түшүнүү үчүн карапайым эл бул жакта турсун, улуу башкаруучулар, илимпоздор үчүн дагы оңой эмес. Ыйык Куран, суроочунун муктаждыгына жана түшүнүгүнө жараша жооп берди.
Рух назик бир зат, ал денеге аба сыяктуу кирет, дарактын бутактарына суу киргендей. Рух нафстын негизи жана анын мааддасы (функциясы), ал эми нафс эки нерседен курулган, рух (душа) жана дене руху (живая клетка).
(ارشاد المفتين: ١/٧٩).
Рух өлгөндөн кийин мүрзөдөгү дене менен да байланыштуу болот. Ал тууралуу көптөгөн мутаваатир хадистер келген. Бирок акыл анын абалын түшүнүүгө жөндөмсүз.
(ارشاد المفتين: ١/٣٩٨).
Адамдын руху дене рухтан өзүнчө башка нерсе. Дене руху түйүлдүккө биринчи кирет, ал эми рух 120 күдөн кийин киргизилет.
Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллоху анху) дан риваят: Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) бизге: силердин ар бириңердин алгачкы жаралууңар, энесинин курсагында кырк күн суюктук, анан дагы ушунча (мөөнөт) уюган кан, андан соң дагы ушунча бир үзүм эт болуп, андан кийин гана ага рух киргизилет.
عن ابن مسعود قال: حدثنا رسول الله إن خلق أحدكم يجمع في بطن أمه أربعين يوما نطفة ثم يكون علقة مثل ذلك ثم يكون مضغة مثل ذلك ثم....ينفخ فيه الروح. (متفق عليه).
Нафс - рухтун экинчи аталышы. Курани Каримде:
اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنفُسَ حِينَ مَوْتِهَا (سورة الزمر: الآية/٤٢).
Алла Таала алардын жандарын алар өлгөн учурда кармайт.
Рух менен нафстын ортосундагы карама – каршылык сыпаттарда болот. Оболку жаралууну эске алганда ал рух эле болот, башкача айтканда периште эненин курсагына үйлөгөн дем – ал рух. Ал туулгандан кийин адеп – ахлактык жакшы – жаман сыпаттарга ээ болуп, денеден сүйүү жана мээрим жаратып, дененин рахаты менен алектенсе анда ага «НАФС» сөзү колдонулат.
(دلائل السلوك:٤٦/٥٩).
Эскертуу: Бул маселеге терең кирүүдөн сактангыла!
فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم