KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Ислам дининин башка диндерден айырмасы жана чыныгы дин экендигинин далилдери?

Ислам дининин башка диндерден айырмасы жана чыныгы дин экендигинин далилдери?
Ислам дининин башка диндерден айырмасы жана чыныгы дин экендигинин далилдери?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Учурда диндер өтө эле көп. Ким кайсыл динди карманса: «Мына ушул чыныгы, акыйкат дин. Ушул динди кармангыла», – деп айтышат. А бирок, канча дин болсо, анын бардыгы чыныгы, акыйкат дин болушу мүмкүн эмес. Акыйкат – бир эле болот, ал бөлүнбөйт. Биздин, тактап айтканда мусулмандардын ишеними боюнча акыйкат, чыныгы дин бул – Ислам дини. Эң эле алгач дин деп аталгандан кийин, ал Жаратуучудан атайын жиберилген болуш керек. Учурда Ислам дининен башка дин деп аталган жолдор, чындап изилдеп чыксаңыз кимдир бирөөнүн идеологиясы болуп чыгат, же адамдар өздөрүнүн сөздөрүн, ойлорун кошуп, өзгөртүүлөрдү киргизип салышкан. Башка дин деп аталган жолдордун (سند) санады, б.а таянычы, эч кандай бир негизи жок болуп чыгат. Ал эми Ислам динин алсаңыз, ар бир маселе, ар бир хадистин санады, санжыра-чынжыры бар. Ар бир хадис бүгүнкү күндөн тарта, Пайгамбарыбызга (саллоллоху ъалайхи ва саллам) чейин ортодо эч бир үзүлбөстөн сакталып келет. Ыйык Куранды карасак, ар бир доордо, ар бир кылымда миллион, миллиард деген адамдардын жүрөгүндө сакталып келет. Кемчилик кирүүсү таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан, динибиздеги ар бир маселе түзмө түз Пайгамбардан (саллоллоху ъалайхи ва саллам), Аллах Тааладан экендигинде эч бир күмөн жок. Исламдан башка жолдорду карай турган болсок, анын аягы жок, же аягы болсо башы жок болот. Ислам дини туурасында Аллах мындай дейт:

*...و رضيت لكم الإسلام دينا...*

 «Дин катары силерге Ислам (динин) ыраа көрдүм» (Маида, 3).

*إن الدين عند الله الإسلام...*

 «Чындыгында, Аллахтын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам...» (Алу Имран, 19).

*إنا نحن نزلنا الذكر و إنا له لحافظون*

 «Чындыгында, эскертмени (Куранды) Биз түшүрдүк. Эми аны Өзүбүз сактайбыз». (Хижр, 9)

Ислам дини эч бир кемчиликсиз, толук дин. Адам баласынын татыктуу жашоо сүрүүсүнө 100 пайыз топ келет.

1)     Биздин динибизге эң акыркы Пайгамбар Мухаммад (саллоллоху ъалайхи ва саллам) жиберилген. Алдыңкы диндерге да пайгамбарлар жиберилген, анан элдер аларга өзгөртүү киргизип, бурмалап салышат эле. Алардын бурмалоолорун оңдоо үчүн кайра пайгамбар келчү. Ал эми Ислам динине эң акыркы Пайгамбар (саллоллоху ъалайхи ва саллам) жиберилди. Бул да динибизге эч ким, эч кандай өзгөртүү киргизе албайт экенине далил.

2)   Ислам динине Аллах Таала Ыйык Куранды жиберген. Куран бул – өтө чоң мужиза жана керемет. Куранда бул дүйнө жана акыреттин илими толугу менен камтылган. Куран окуган сайын адам баласынын ички дүйнөсү байып, илимге толо баштайт. Эч качан Куран окуп тажаган, Куран окуп чарчаган адам болбойт.

3)   Дагы бир өзгөчөлүк жогоруда айткандай динибиздин санады (санжыра чынжыры, таянычы) бекем, эч кандай үзүлүү жок.

4)   Эң эле алгач Жаратуучу менен болгон мамилени ырастоого чакырат. Башка диндерде болбогон эң чоң өзгөчөлүк бул – таухид (жалгыз гана Кудайга табынуу). Жалгыз Жаратуучудан үмүт кылуу, сурануу, Ага гана сыйынуу, Ага гана тобокел кылуу.

*و ما خلقت الجن و الإنس إلا ليعبدون* (الذاريات ٥٦)

«Мен жидер менен инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн жараттым» (Зарият, 56).

Демек, биздин жаралган максатыбыз бул – Аллах Таалага ибадат кылуу. Ал эми эң чоң ибадат бул – таухид. Таухид болбосо, жалгыз Жаратуучуну тааныбаса, анын бир да ибадаты кабыл алынбайт.

5)   Аллах тараптан жиберилген бардык пайгамбарларды урматтоо, аларга ыйман келтирүү. Эч бир пайгамбарды биз ажыратпайбыз, бардыгына бирдей сый-урмат көрсөтөбүз.

*كل ءامن بالله و ملآئكته و كتبه و رسله لا نفرق بين احد من رسله* (البقرة ٢٨٥)

«Баарысы Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине ишеништи. Алар: «Анын элчилеринин эч кимисин биз бөлбөйбүз (бирине ишенип,бирине ишенбей койбой, баарына ишенебиз)» дешти» (Бакара, 285).

6)   Өзгөлөр менен болгон мамилени дурустоо. Алардын тилине, түсүнө, социалдык даражасына карап бөлбөйбүз. Момун менен болгон мамиле, капыр менен болгон мамиле, бай менен, кедей менен, кичүү жана улуулар менен, аалым жана жөнөкөй адамдар менен болгон мамилени өз ордуна коюу.

7)   Адамдын жашоосун тартипке келтирүү. Адал кесип кылуу, арамдан алыс болуу, алдоо, кыянат кылуу деген жаман сыпаттарды таштоо.

8)   Аял жана эркектин орду, жубайлардын ортосундагы мамиле, бала-бачакы жакшы тарбиялоо, үй-бүлөнү ар бир жамандыктан кооруу.

Кыскасы, айта бере турган болсок, Ислам дининин таза, чыныгы, акыйкат дин экенин эч ким жокко чыгара албайт. Жараткан Аллах жүрөгүнө мөөр басып, көздөрүнө парда тартып коюп, акыйкатты көрө албай сокур болуп калган гана адам Ислам дининен кымтык табышы мүмкүн. Бирок, ал кымтык да чындап келгенде динге эч бир тиешеси жок болуп чыгат. Динди түшүнбөстөн эле, сөз кылган болот. Ошондуктан, дин туурасында, Жараткан Аллах туурасында жаман ойлор келе баштаса, дароо тообо кылып, ниетиңизди түздөңүз. Аллах эч кимибизди адаштырбасын!

Ислам динибиздин өзгөчөлүктөрү туурасында жазылмалар өтө көп. Алардын бардыгын бул кыска жоопко камтуу мүмкүн эмес. Дагы маалымат алам десеңиз, диний китептерди көп-көп окуңуз!

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+6
12:12
1785

Башка фатвалар

Ислам дининин башка диндерден айырмасы жана чыныгы дин экендигинин далилдери?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Учурда диндер өтө эле көп.
Рух менен нафстын айырмасы эмне?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи ва са