Көздөрүн зынаадан сактабаган адам жөнүндө айтып бериңизчи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Көз бул Аллахтын жараткан жаратылышын коруп, коп шугур кылууга берилген кудайдын чоң нээматы, бул туурасында Курани Каримде мындай деп келген:
وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ (سورة السجدة: الآية:٩).
«Ошол Зат силер үчүн кулак, көз жана жүрөк жараткан, силер аз шүгүр кыласыңар».
Демек, бул улуу жана кымбат нээматтын кадыр баркын билип жана аны туура пайдалануу биздин адамдык жана диний милдетибиз. Аны туура эмес колдонуу Аллах Тааланын нааразычылыгына жана каарына себеп болот.
Бүгүнку биздин заманда арам нерсени кароо, көздү сактабоо ушунчалык кеңири жайылгандыктан жаш-карысы дебей баары ушул сыноого дуушар болууда.
Көздү арамдан сактабагандын бир нече зыянын айта кетсек:
Эң эле биринчи бул Аллах Таалага болгон тоң мойундук. Анткени Аллах Таала Курани Каримде мындай деп буйруган:
قُلْ لِلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ أَبْصَارِهِمْ (سورة النور، الآية:٣٠)
Котормосу: “Оо, Пайгамбар! Ыймандууларга айт, алар көздөрүн ылдый кылышсын!”
Мындайча айтканда, чоочун аялдарды карабасын. Чоочун аялдарды кароодон көзүн сактабаган адам Куран аятына баш ийбегени үчүн арам иш кылды болуп саналат.
Көзүн сактабаган киши Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) дын каргышына калат.
عن الحسن مرسلاً قال: بلغني أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "لعنَ الله الناظِرَ والمَنظورَ إليه". (رواه البيهقي في شعب الإيمان، كذا في المشكاة: في باب النظر إلى المخطوبة، في آخر الفصل الثالث.)
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты: “Кароочу жана каралган экөөнө тең Алланын каргышы болсун”.
Мындайча айтканда, чоочун аялды караган кишиге да, сулуулугун чоочун эркектерден сактабаган аялга да Алланын каргышы болсун.
Көзүн сактабоо кичинекей эле күнөө болгондо, бүткүл ааламга рахмат – мээрим болуп келген пайгамбар мындай жаман дуба кылмак эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам) дын жаман дуба кылуусу бул күнөөнүн өтө оор экенине ачыктан ачык далил.
Көздү арамдан сактабоо – шайтандын өлүмгө алып келе турган куралы. Ал көптөгөн динчил жана такыба мусулмандардын ишенимине кол салып, анын адеп – ахлагына жана кулк-мүнөзүнө терс таасирин тийгизет.
Имам Хаким өзүнүн белгилүү «Аль-Мустадрак алас-Сахихайин» китебинде бир риваят алып келет: Хузайфа (разияллоху анху) риваят кылат: «Арамды кароо шайтандын уулуу жебелеринин бири. Кимде – ким Аллахтан корккондуктан арамды кароодон баш тартса, Аллах Таала ага, жүрөгүндө ыймандын даамынын таттуусун сезүүнү насип кылат». Мындайча айтканда, уулуу жебелердин бири кимдин денесине тийип калса, эгер убагында даарыланбаса, анда уу денеге тарап, өлүмгө дуушар болот.
عن حذيفة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلي الله عليه وسلم: النظرة سهم من سهام إبليس مسمومة فمن تركها من خوف الله أثابه الله عز وجل إيمانا يجد حلاوته في قلبه. (المستدرك علي الصحيحين للحاكم، رقم الحديث: ٧٨٧٥).
Динсиздикке, каапырлыкка алып барат. Б.а көздү арамдан сактабоо бул Ислам сыяктуу чоң бир дөөлөтүнөн куру калтырат. Абдулла бин Масуъуд (разияллоху анху) айтты: «Жүрөккө күнөө жөнүндө ойлор келе берет, ошол учурда арамды кароодон көздү сактабаса, шайтанга аны адаштырууга мүмкүнчүлүк берилет».
عن عبدِ اللهِ يعنِي ابنَ مسعودٍ قال الإثمُ حوازُ القلوبِ وفي روايةٍ حوازُ الصدورِ وفي روايةٍ ما كان من نظرةٍ فللشيطانِ فيها مطمعٌ (أخرجه البيهقي مرفوعا).
Тарыхка көз калчасак деле биз билебиз, бул адамга оңой турган көз кароо (м.а.тыйылган нерселерди кароо) канчалаган коомдорду азапка дуушар кылып жер бетинен жексен кылган чоң кунөөлөрдүн башаты.
Эми биз көз сактабаштын канча зыянын айтып берсек да момун-мусулман пенде учун бул ишке барбоосуна, Аллахтын көз сактоого буйруган аяты толук кандуу жетиштуу деп ойлойм.
«Оо, Аллахым! Өзүн берген нээматынды туура пайдаланууга бүткүл момун-мусулманга тоуфик бере көр».
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ