Бейиш жана тозок жөнүндө айтып бересизби
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Уа алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Бейиш жана Тозоктун бардыгы чындык жана алар азыркы учурда жаратылган жана бар деп терең ишенүү керек. Жана алар эч качан жок болуп кетишпейт. Бул Ахлю Суннат валь Жамааттын ишеними (акыйдасы). Имам Абу Ханифа (рахм.ал.) айткан: “Бейиш жана Тозок азыркы учурда бар, кара көз хурлар эч качан өлүшпөйт жана эч качан жок болуп кетишпейт жана эч качан Алла Тааланын жазасы жана сыйлыгы жок болуп кетпейт”.
Алла Таала Куран да айтат:
"وسارعوا إلى مغفرة من ربكم وجنة عرضها السموات والأرض أعدت للمتقين" (آل عمران الآية: ١۳۳).
Котормосу: «Жана бири-бириңер менен жарышкыла Роббиңердин кечиримдүүлүгүнө жана ушундай бейишке (кирүүгө), анын туурасы асмандар жана жердей, даяр кылынган такыбалар үчүн» (сүрө “Аль Имран”, 133 аят).
"فاتقوا النار التي وقودها الناس والحجارة أعدت للكفرين" (البقرة الآية:۲٤).
Башка жеринде айтат: «...жана сактангыла оттон. Анын отуну адамдар жана таштар, даярдалган капырлар үчүн” (сура «аль-Бакара» (сүрө “аль-Бакара”, 24 аят).
Бул аяттарда Алла Таала Бейиш жана Тозоктун жаралганын жана азыркы учурда алардын бар экендигин ачык айтат.
Ошондой эле көптөгөн хадистерде да Бейиш жана Тозоктун азыркы учурда бар экендиги баяндалат.
Дагы бир хадисте Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) айтат: «Мен Бейишке кирдим да андан бир үйду, же (айтты) хансарайды көрдүм. Мен сурадым: “Бул ким үчүн?” Алар айтышты: “Бул Умар ибн Хаттабдын үйү”. Мен ага киргим келди, бирок сенин кызганчаактыгыңды эстей койдум” Муну уккан Умар (р.а.) ыйлап.жиберди да айтты: “О, Алланын Элчиси, мен сизден кызганмак белем» (Сахих аль-Бухари № 3242).
Башка хадисте мындай деп айтылат, Тозоктун оту өзүнүн Роббисине даттанып айтты: «О, менин Роббим! Менин бир бөлүгумбашка бир бөлүгүмдү жеп койду, уруксат бергин, мен демимди үйлөйүн”. Ошондо Алла Таала ага эки дем үйлөөгө уруксат берди: бир деми кышында, экинчиси жайында. Ошондуктан, силер сезген эң күчтүү ысыктын жана эң күчтүү сууктун себеби ушундан» (Сахих Муслим № 617).
Бул хадистер азыркы учурда Бейиш жана Тозоктун бар экендигин баяндайт..
Бейиш жана Тозок түбөлүктүү жана эч качан жоголуп кетпейт. Алла Таала Куранда айтат:
"والذين كفروا وكذبوا بئايتنآ أولآئك أصحاب النار هم فيها خلدون" (البقرة الآية: ۳٩).
Котормосу: «Жана ким капырлык кылса жана жалганга чыгарса Биздин аят-белгилерибизди, ошолор Тозок ээлери. Анда алар түбөлүккө калышат» (сүрө “аль-Бакара”, 39 аят).
Бейиш араб тилинде “жаннат” деп айтылат. Жаннат арабча “бак” дегенди билдирет жана “жаннун” – “жашыруу”, “жабуу” деген сөздөн алынган. Бак жаннат деп аталат, анткени бактын калың дарактары жерди жаап, аны жашырып турат. Же болбосо, жаннат биздин көздөн жашырылгандыгы үчүн ушундайча аталат.
Жаннаттын сегиз деңгээли бар:
1. Фирдаус. Бул эң жакшы Бейиш. Ал өтө кең болгондугу үчүн ушундайча аталат, аль-фардаса кеңдикти билдирет. Жаннат араб сөзү.
2. Жаннат ‘Адн.
3. Дар аль-Мукам.
4. Жаннату-н-На‘им.
5. Дар аль-Хульд.
6. Дар аль-Карар.
7 .Дар аль-Жалал.
8. Жаннат аль-Ма’ва.
9. Дар ас-Салам.
Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) айтат: “Силер түбөлүк жашайсыңар жана эч качан өлбөйсүңөр”.
Тозок – бул капырлардын жана күнөкөрлөрдүн жайы жана “ан-Наар” деп аталат жана отту билдирет, анткени анда жети деңгээли бар от жалындап турат:
1. Жаханнам. Бул терең дегенди билдирет, анткени ал өтө терең. Бирок, көпчүлүк аалымдар бул араб сөзү эмес, башка тилден оошкон сөз дешет.
2. Лазо, “таза жалын” дегенди билдирет.
3. Аль-Хутома.
4. Ас-Са‘ир. “Жалындаган от” дегенди билдирет.
5. Сакар. “Эритүү” дегенди билдирет, анткени катуу ысык бардыгын эритет.
6. Аль-Жахим. Оттогу от дегенди билдирет. Качан отко көп отун таштаганда күйгөн чоктор пайда болот. Ал отко таштардан жана адамдардан болгон отундар ташталат жана алар “аль-Жахим” деп аталат.
7. Аль-Хавия. “Түпсүз жар”, “туңгуюк” деп которулат жана анын түбү болбойт. Ал өтө терең болгондуктан ушундайча атап коюшкан.
فقط ووالله اعلم