KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эгер такбир уулага жетишпей калса, анда санаа окуш керекби же жокпу?

Эгер такбир уулага жетишпей калса, анда санаа окуш керекби же жокпу?
Эгер такбир уулага жетишпей калса, анда санаа (Субханака Аллохумма...) окуш керекби же жокпу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгер кимдир бирөө Имам менен чогу намаз баштаганга жетишпей калса, анда мындай кылуу керек: эгер имам кыраатты баштай элек болсо, анда ал сананы окуш керек. Ал эми эгер имам кыраатты үнүн чыгарып (м.а магриб, иша же фажр намаздарында) окуп баштаган болсо, санаа окуунун кереги жок, эгер адам алыс туруп имамдын окуганын укпаган болсо дагы. Ошондой эле бир – эки рекетке жетишпей калса, анда калган рекеттерди толуктоо үчүн тургандан кийин сана, таъаввуз жана бисмилланы окуйт.

Ал эми имам кыраатты үнүн чыгарбастан ичинен окуп жатса, анда имамга уюучу адам намазга кошулаары менен санаа окуйт, ошондой эле калган рекеттерин толуктоо үчүн тургандан кийин дагы кайрадан окуйт.

(منها) أنه إذا أدرك الإمام في القراءة في الركعة التي يجهر فيها لايأتي بالثناء، كذا في الخلاصة. هو الصحيح، كذا في التجنيس. وهو الأصح، هكذا في الوجيز للكردري. سواء كان قريباً أو بعيدًا أو لايسمع لصممه، هكذا في الخلاصة. فإذا قام إلى قضاء ما سبق يأتي بالثناء ويتعوذ للقراءة، كذا في فتاوى قاضي خان والخلاصة والظهيرية. وفي صلاة المخافتة يأتي به، هكذا في الخلاصة. ويسكت المؤتم عن الثناء إذا جهر الإمام هو الصحيح، كذا في التتارخانية في فصل ما يفعله المصلي في صلاته. (الفتاوى الهندية  ١/٩٠ ط: رشيديه).

في الدر: (والمسبوق من سبقه الإمام بها أو ببعضها وهو منفرد) حتى يثني ويتعوذ ويقرأ وإن قرأ مع الإمام فعدم الاعتداد بها لكراهتها، مفتاح الصعادة (فيما يقضيه) أي بعد متابعته لإمامه (رد المحتار ١/٥٩٦ ط: سعيد).

وأما المسبوق فلا يأتي به عندهما إلا بعد مفارقة الإمام؛ لأنه محل قراءته، عنده يأتي به عند الشروع تبعا للثناء ثم إذا قام إلى قضاء ما سبق يأتي به عنده أيضا على ما ذكره في الخلاصة يناء على أنه يثني مرتين على ما نقل المصنف حيث قال: والمسبوق يأتي بالثناء إذا أدرك الإمام حالة المخافة ثم إذا قام إلى قضاء ما سبق به يأتي به أيضا كذا ذكره في الملتقط ووجهه أن القيام إلى قضاء ما سبق متحريمة أخرى للخروج به من حكم الاقتداء إلى حكم الانفراد (حلبي كبير ٢٦٥ صفة الصلاة ط: نعمانية، وص: ٣٠٤ سهيل اكديمي).

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
16:29
1102

Башка фатвалар

Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек.
Форель балыгы абанын жетишсиздигинен өлүп калса адал болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Ооба, адал болот, анткени балыктар өз ажалынан
Витр намазында кунут дуасын айтууну унутуп, саждада эстесе, сажда сахв кылуу керекби?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ооба, сажда сахв кылуу керек.