Эгерде имам төртүнчү рекетте унутуп бешинчи рекетке туруп кетсе эмне кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде имам же жалгыз окуган адам төртүнчү рекетте ташаххудду окугандан кийин унутуп туруп кетсе, анда ага мындай кылуу керек: бешинчи рекеттин сажда кылганга чейин эстесе, анда отуруп ташаххуд окуп оң жака салам берип эки сажда (саху) кылып, кайра ташаххуд, салават жана дуа окуп намазды бүтүрүп коую керек. Ал эми бешинчи рекетке сажда кылгандан кийин эстесе, анда дагы бир рекет кошуп, сажда саху кылып намазды бүтүрүү керек. Ошондо төрт рекет фарз, эки рекет нафль болуп калат.
Эскертүү: бешинчи же алтынчы рекетте уюган адамдын намаз дурус болбойт, ага кайра намазды айтаруу керек.
Эгерде имам же жалгыз окуган адам төртүнчү рекеттен кийин ташаххудка отурбай дароо эле туруп кетсе, ага мындай кылуу керек: бешинчи рекеттин сажда кылганга чейин эстесе, анда ошол убакытта отуруп ташаххуд окуп, оң жака салам берип сажда саху менен намаз дурус болот. Ал эми бешинчи рекеттин сажда кылгандан кийин эстесе, анда намаз бузулат, дагы бир рекет кошуп намазды бүтүрүү керек. Ошондо алты рекет нафль болуп калат. Бирок ошол фарз намазды кайра кайтаруу керек.
في الدر: (ولو سها عن القعود الأخير) كله أو بعضه (عاد) ويكفي كون كلا الجلستين قدر التشهد (ما لم يقيدها بسجدة)... (وإن قيدها) بسجدة عامدا أو ناسيا أو ساهيا أو مخطئا (تحول فرضه نفلا برفعه) الجبهة عند محمد... (وضم سادسة) ولو في الفجر والعصر (إن شاء)... (ولا يسجد للسهو على الأصح)... (وإن قعد في الرابعة) مثلا قدر التشهد (ثم قام عاد وسلم)... (وإن سجد للخامسة سلموا)... (زضم إليها سادسة)... (لتصير الركعتان له نفلا)... (وسجد للسهو) في الصورتين (رد المحتار ٢/٨٥-٨٨ ط: سعيد).
وتحته في الرد: لو اقتدى به مفترض في قيلم الخامسة بعد القعود قدر التشهد لم يصح ولو عاد إلى القعدة لأنه لما قام إلى الخامسة فقد شرع في النفل، فكان اقتداء المفترض بالمتنفل (رد المحتار ٢/٨٨ ط: سعيد).
و الله أعلم