KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Мазий чыкса гусул бузулабы?

Мазий чыкса гусул бузулабы?
Мазий чыкканда гусул бузулдубу деп күмөн санаса гусул бузулган болуп калабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Чыккан нерсе чыныгы мазий экенин анык билсеңиз, анда гусул бузулбайт. Мазий чыккан болсо даарат эле бузулат. Себеби, гусул маний (уруктук, сперма) дүүлүгү менен чыкканда гана бузулат. Бирок, уйкудан тургандан кийин бир нерсе чыгып калган болсо жана ошол чыккан нерсе тууралу «Бул манийби, же мазийби» деп күмөн кылып калса, анда да гусул алуу керек болот. Анткени, маний чыгып дененин ысыктыгынан улам өзүнүн табигый көрүнүшүн өзгөртүп, мазийге окшоп калышы мүмкүн.

Адам баласынан 4 түрлүү суюктук чыгат:
1)     Бавл – кадимки эле заара;
2)   Вадий – заарадан кийин бир аз жабышчак болуп чыгат. Мунун өкүмү зааранын өкүмүндөй эле;
3)   Мазий – заарадан бир аз коюу, жабышчак болот. Түсү бир аз агышырак. Адам дүүлүккөн учурда чыгат. Мазийнин чыгуусу менен шахват токтобойт. Балким, тескерисинче күч алат;
4)   Маний – уруктук (сперма) түсү ак болот, коюу. Манийнин чыгуусу менен шахват жоголуп, жыныстык мүчө өз калыбына келе баштайт.

(و المعانى الموجبة للغسل: إنزال المني على وجه الدفق و الشهوة من الرجل و المرأة، حالة النوم و اليقظة). (و ليس فى المذي و الودي غسل، و فيهما الوضوء).
و الودي: الغليظ من البول، يتعقب الرقيق منه خروجا، فيكون معتبرا به.
و المني: خاثر أبيض، ينكسر منه الذكر.
و المذي: رقيق يضرب الى البياض، يخرج عند ملاعبة الرجل أهله. (الهداية، فصل فى المعانى الموجبة للغسل)
فى الدر: (و) عند (رؤية مستيقظ) خرج رؤية السكران و المغمي عليه المذي، منيا أو مذيا (و إن لم يتذكر الاحتلام)
و تحته فى الرد: قوله: (خرج رؤية السكران و المغمي عليه المذي) أي بعد عفاقتهما. بحر. و الفرق أن النوم مظنة الاحتلام فيحال عليه، ثم يحتمل أنه مني رق بالهواء أو للغذاء فاعتبرناه منيا احتياطا...(رد المحتار،  كتاب الطهارة ١/٣۰۰، ط: امداديه)

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси).
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
+2
05:45
4329

Башка фатвалар

Гусул алгандан кийин кайра даарат алуу зарылбы?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен الجواب حامدا ومصليا    
Гусул жана жаназа намаз окулбай көмүлсо эмне кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا  1) Негизи, маркум жерге берил
Аялдар гусул алып жатканда сөйкөлөрүн чечип салуу керекби?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب