Кыямат күнү мусулмандар Аллахтын жүзүн көрөбү?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Чындыгында, момун-мусулмандардын акыретте Аллах Тааланы көрүүсү боюнча өтө көп сахих хадистер улуу аалымдардан риваят кылынып айтылган. Мындай даражада көп жолдор менен риваят кылган хадистерге амал кылбай коюу – мүмкүн эмес. Ошондуктан, ахлу-сунна вал-жамаат акыйдасын кармангандар «Момун-мусулмандар бейиште Аллах Тааланы көрүшөт» деп бир ооздон айтышкан. Бул боюнча көптөгөн аят жана хадистер бар, алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Аллах Таала айтат: «Ал күнү (кээ бир) жүздөр жаркырап (жалындап,сүйүнүп), Эгесине карашат». (Кыямат 22,23-аят).
Бул аяттын тафсиринде Ибн Касир (рохимахуллох) мындай деген: «Сен (Роббиңди) өз көзүң менен көрөсүң. Имам Бухари өз китебинде риваят кылгандай, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айтат: «Албетте, силер Роббиңерди өз көзүңөр менен көрөсүңөр» (Бухари). Ошондой эле «Сахих Бухари» жана «Сахих Муслим» китептеринде Азирети Абу Хурайра жана Абу Саид (розияллоху анхумаа)лардан риваят кылынган: «Элдер Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алейхи ва саллам): «Кыямат күнү биз Роббибизди көрөбүзбү?» – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам): «Асманда эч бир булут жок кезде күн жана айды кыйналбастан көрө аласыңарбы?» – деди, элдер: «Ооба, эч бир кыйынчылыксыз көрөбүз» – дегенде, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам): «Мына дал ошондой силер өз Роббиңерди көрөсүңөр»-деген». «Сахих Муслим» китебинде мындай дагы риваят келет, Азирети Сухайбтан (розияллоху анху) риваят, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан: «Бейиштиктер бейишке киргенден кийин, Аллах Таала аларга: «Дагы бир нерсеңерди көбөйтүп берүүмдү каалайсыңарбы?» – дегенде, алар: «Сен биздин жүзүбүздү жаркыраттыңго, бизди тозоктон сактап, бейишке киргиздиңго?» – дешет. Ошондо Аллах Таала аларга Өзүнүн пардасын ачып, жүзүн көрсөтөт. Аларга өз Роббисине карап туруудан да артык эч нерсе болбой калат. Мына ушул Аллах Тааланын өз кулдарына нээматтарын көбөйтүп бергени». Мындан башка да өтө көп хадистер келген. Бул жооптун узун болуп кетиши болбогондо, алардын бардыгын толугу менен жазмакпыз.
Демек, бейишке кирүү канчалык чоң бакыт болсо, анда бейиш жана тозокту, бүткүл ааламды жараткан Жаратуучунун жүзүн көрүү бакытына эмне жетсин! Бул – адам баласына Аллах Таала тараптан бериле турган эң чоң сыйлык. Эми кимге бул нээмат насип кылган болсо, анын канчалык бактылуу экендигинде эч бир шек жок. Ошондуктан, ар бирибиз колубуздан келишинче арекет кылып, Жаратуучуну ыраазы кылганга мээнет кылалы. Аллах Таала ар бирибизге Өз жүзүн көрүүнү насип эткен болсун! Аамиин.
قال تعالى: "وجوه يومئذ ناضرة"."الى ربها ناظرة". (سورة القيامة ٢٢، ٢٣)
أى تراه عيانا كما رواه البخارى رحمه الله تعالى فى صحيحه "إنكم سترون ربكم عيانا". و قد ثبتت رؤية المؤمنين لله عز و جل فى الدار الآخرة فى الاحاديث الصحاح من طرق متواترة عند ائمة الحديث لا يمكن دفعه و لا منعه، لحديث أبى سعيد و أبى هريرة و هما فى الصحيحين أن ناسا قالوا يا رسول الله هل نرى ربنا يوم القيامة؟ فقال: "هل تضارون فى رؤية الشمس و القمر ليس دونهما سحاب؟" قالوا لا، قال: "فإنكم ترون ربكم كذلك"...و فى افراد مسلم عن صهيب عن النبى صلى الله عليه و سلم قال: "إذا دخل اهل الجنة الجنة قال يقول الله تعالى تريدون شيأ أزيدكم؟ فيقولون أ لم تبيض وجوهنا؟ أ لم تدخلنا الجنة و تنجينا من النار؟ قال فيكشف الحجاب، فما أعطوا شيأ أحب إليهم من النظر الى ربهم و هي الزيادة". (تفسير القرآن العظيم)
الرؤية حق لأهل الجنة بغير إحاطة و لا كيفية كما نطق به كتاب ربنا: "وجوه يومئذ ناضرة"."الى ربها ناظرة"...(العقيدة الطحاوية)
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق