Шам намаздын убактысы качан бүтөт?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху!
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Күн баткандан кийин асмандын батыш тарабында кызылдык пайда болот, аны «ШАФАК АХМАР» кызыл күүгүм деп койот, ал бүткөндөн кийин анын ордуна актык пайда болот, аны «ШАФАК АБЯЗ» ак күүгүм деп коёт, бир аз убакыттан кийин ал дагы жоголот. Демек шам намазынын убактысы күн баткан мезгилден баштап батыштагы ак күүгүмдүн жоголгонго чейин калат, ак күүгүм жогологондн кийин шам намаздын убактысы бүтүп, куптан намаздын убактысы башталат.
اول وقت صلوة المغرب إذا غربت الشمس بالاجماع ايضا و آخر وقتها ما لم يغب الشفق..... وهو البياض الذي في الافق الكائن بعد الحمرة، (حلبي كبير: ص/٢٢٨). و المغرب منه إلي غروب الشفق اي وقت المغرب من غروب الشمس الي غروب الشفق... وهو البياض، (البحر: ج/١،ص/٢٤٥، كتاب الصلاة، ط: سعيد). ثم الشفق هو البياض الذي في الافق بعد الحمرة عند أبي حنيفة وعندهما ه الحمرة، (الهداية: ص/٧٤ ، كتاب الصلاة، باب المواقيت، ط: رحمانية).
Шам убактысы кирээри менен тагыраак айтканда күндүн батаары менен шам намазын окуу абзел болуп эсептелет. Ал эми, үзүрсүз эле асманда жылдыздар жаркырай баштаганга чейин кечиктирүү макрух болуп саналат. Ошондуктан, шам намазынын мустахаб убактысы өтө кыска болгонуна байланыштуу сиз шам намазын өз убагында эртерээк окууну аракет кылыңыз.
ويستحب أيضا تعجيل المغرب في كل الأزمنة الا يوم الغيم.... وفي القنية يكره تأخير المغرب عند محمد في روايته عن أبي حنيفة ولا يكره في رواية الحسن عنه ما لم يغب الشفق والأصح أنه يكره إلا من عذر (حلبي كبير: ص/٢٣٤).
ويستحب تعجيل المغرب في كل زمان.... وفي يوم الغيم..... يؤخر المغرب حذرا عن الوقوع قبل الغروب (الهندية: ج/١،ص/٥٢، الفصل الثاني في بيان فضيلة الأوقات).
والمستحب تعجيل ظهر الشتاء.....وتعجيل مغرب مطلقا وتأخيره قدر ركعتين يكره تنزيها وان الزائد علي القليل الي اشتباك النجوم مكروه تنزيها وما بعده تحريما الا بعذر. (فتاوي شامي: ج/١،ص/٣٢٩، كتاب الصلاة، ط: سعيد).
Ал эми, насаат медиа жана ушуга окшогон придложенияларда намаздын убакыттары шаар – шаар, район, айыл айматарга карап дайындалгандыктан ушул көрсөтүлгөн убакытта окусаңар намаз болот бирок, атайлап өтө кеч кылып окуу макрух тахримий болот. Ал эми сиз сураган 20.07 намаз убакты бүтөт. Ага чейин окусаңар болот бирок макрух болуп калат.
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ