KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Аял махрамдардын алдында (атасы, байкеси, баласы) хиджаб кийбесе (толук жамынбаса) болобу?

Аял махрамдардын алдында (атасы, байкеси, баласы) хиджаб кийбесе (толук жамынбаса) болобу?
Аял махрамдардын алдында (атасы, байкеси, баласы) хиджаб кийбесе (толук жамынбаса) болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Алгач махрам деген кандай тууган болот ошону аныктап алуубуз керек. Шариятыбыз боюнча –  Кимдер менен никелешүү түбөлүккө арам кылынган болсо, алар ортосунда эч кандай нике байланбаса, мына ушул туугандар – махрам тууган болуп саналат. Мындай туугандардын арасында аял киши толук хиджаб кийүүгө милдеттүү эмес. Ошол эле учурда денесинин бардык эле жерин көрсөтүп жүрө берсе болот деген сөз чыкпайт.

Чоочун эркектерге бети, алаканы жана бутунан (томугунан ылдый жагы) башка жагын көрсөтүү – арам болот.

Ал эми махрам туугандарынын арасында башын, кулактарын, мойнун, билектерин, колдорун, буттарын (тизесине чейин), бетин көрсөтүп жүрүүгө уруксат берилет. Толук хиджаб кийүүгө милдеттүү эмес.

Ыйык Куранда Аллах Таала мындай деген:

«...(Аялдар) жоолуктарын көкүрөктөрүнө жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон кызматкерлерге, же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот...» (Нур 31-аят).

А бирок, эгер аталган махрам туугандары бузуку, тартиби начар, уятсыз болсо, анда алардын арасында да толук хаджаб кийүү керек. Ар кандай доомат жана фитналарга түшүп калбаш үчүн.

Аллах Таала ар бирибизге уят, ар-намыс насип эткен болсун! Аамиин!

فى الدر: (و من محرمه) هى من لا يحل له نكاحها أبدا بنسب أو سبب و لو بزنا (إلى الرأس و الوجه و الصدر و الساق و العضد إن امن شهوته) و شهوتها أيضا. (رد المحتار، كتاب الحظر و الاباحة ٩/٦۰٥ ط: رشيديه)

و فى التاتارخانية: و أما النظر الى ذوات محارمه، فنقول: يباح للرجل الى موضع زينتها الظاهرة و الباطنة، و مواضع الزينة الرأس و الأذن و العنق و الصدر و الساعد و الكف و اللسان و الرجل و الوجه...

و لكن أنما يباح النظر إذا كان يأمن على نفسه الشهوة فأما إذا كان يخاف على نفسه الشهوة فلا يحل له النظر. (الفتاوى التاتارخانية، كتاب الكراهية ١٨/٩٢، رقم ٢٨١٣٤ ط: رشيديه)

سورة النور "...و ليضربن بخمرهن على جيوبهن" الآية

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
+3
07:40
1425

Башка фатвалар

Бардык адам баласы мусулман болуп төрөлөбү?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Ооба, адам баласы төрөлгөндө Ислам дининин (б.