KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Бардык адам баласы мусулман болуп төрөлөбү?

Бардык адам баласы мусулман болуп төрөлөбү?
Бардык адам баласы мусулман болуп төрөлөбү?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ооба, адам баласы төрөлгөндө Ислам дининин (б.а. хак туура жолду) кабыл кылганга даяр болуп төрөлөт. Ал эми ата энеси башка жолдо болсо, аны туура жолдон адаштырып коёт. Бул боюнча сахих хадис китептерде риваяттар келтирилген. «Сахих Бухари» китебинде төмөнкү риваят бар: Азирети Абу Хурайра (розияллоху анху) айтат: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам): «Бардык төрөлгөн наристелер фитратта (туура жолду кабыл кылууга даяр болуп) төрөлөт. Кийин ата-энеси аны же жөөт (яхудий) кылып, же крестиан (насроний), же отпарас (мажусий) кылып (тарбиялап) коет. Мунун мисалы үй жаныбарлары сыяктуу. Жаныбар туулганда анын (кулак ж.б) мүчөлөрү кесилип туулганын көргөнсүңбү?» –  деп айткан». (Сахих Бухари 1385-хадис)

Демек, жаныбар туулганда мүчөлөрү кесилбестен эле туулат. Аны кийин жаныбардын ээси кесип коет. Дал ошол сымал эле адам баласы төрөлгөндө Ислам дининде болуп төрөлөт. Аны кийин ата-энеси бөлөк динге тарбиялап коет.

Аллах Таала бардыгыбызды мусулман болуп төрөлүп, мусулман абалда жаныбызды алган болсун! Аамиин...

عن أبى هريرة رضى الله عنه قال قال النبي صلى الله عليه و سلم: "كل مولود يولد على الفطرة فأبواه يهودانه أو ينصرانه أو يمجسانه كمثل البهيمة هل ترى فيها جدعاء؟". (البخارى رقم ١٣٨٥)

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
+2
16:05
1978

Башка фатвалар

Кармин адал болуп эсептелеби?
Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен Кармин- бул кызыл түстөгү түс берүүчү.
Үйдө эркек киши жок болуп калганда, аял киши тоок сойсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер мусулман аял шарият көрсөткөн ыкма менен м
Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн се