KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Куптан намазда экинчи рекетке отурбай, туруп кетип кайра отурса эмне болот?

Куптан намазда экинчи рекетке отурбай, туруп кетип кайра отурса эмне болот?
Куптанда имам 2чи рекетте отурбай адашып 3 чү рекетке туруп кетти аллоху акбар деп айтсам отурду жана аягында сажда саху кылды намазда өтөбү намаз же өтпөйбү кененирээк айиып коёсбу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде имам экинчи рекетте отурбай адашып үчүнчү рекетте туруп кетсе, анда кайра отурбай намазды улантып кетүү керек. Намаздын аягында сажда саху кылса намаз дурус болот. Ал эми эгерде имам толук тургандан кийин кайра отурса, ушул маселеде ханафий фукахалар ортосунда эки түрдүү көз караш бар:

1. Намаз бузулуп калат, фарзды таштап важипке кайткан себептүү. Кыямга (туруу) фарз, ал эми биринчи рекеттин каадасы важиб болуп эсептелет.

2. Намаз бузулбайт, себеби ал фарзды такыр эле таштап койгон жок, болгону фарзды кечиктирип аткарды, ошол үчүн намаз бузулбайт, бирок сажда саху важиб болот. Аллама Шами “Роддуль мухтар” китебинде ушул ойду ыктыяр кылды жана аалымдар ушул ойго фатва беришкен.

في الدر: (سها عن القعود الأول من الفرض) ولو عمليا... (ثم تذكر عاد إليه)... (ما لم يستقيم قائما) في ظاهر المذهب وهو الأصح فتح (وإلا) أي وإن استقام قائما (لا) يعود لاشتغاله بفرض القيام (وسجد للسهو) لترك الواجب (فلو عاد إلى القعود) بعد ذلك (تفسد صلاته) لرفض الفرض لما ليس بفرض وصححه الزيلعي (وقيل لا) تفسد لكنه يكون مسيئا ويسجد لتأخير الواجب (وهو الأشبه) كما حققه الكمال وهو الحق بحر، وهذا في غير المؤتم، أما المؤتم فيعود حتما... إلخ.

وتحته في الرد: (قوله وهو الحق بحر) كأن وجهه عن الفتح أو ما في المبتغى من أن القول بالفساد غلط لأنه ليس بترك بل هو تأخير... إلخ (رد المحتار ۲/۸۳-۸٤ ط: سعيد).

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
08:07
1426

Башка фатвалар

Шам, куптан же багымдат намаздарын жалгыз окуганда үн чыгарбай окусан сажда саху важиб болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде сиз шам, куптан жана баг
Эгерде намазда эки жолу «Фатиха» сүрөсүн кайталап окуп алса, анда намазды кайта баштан окуу керекпи?
Эгерде кимдир бирөө фарз намаздын биринчи же экинчи рекетинде «Фатиха» сүрөсүн эки жолу
Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!