Эгер адам намазда экинчи ирет ката кетирсе, ал сажда сахуну кайталап кылабы?
Эгер адам намазда экинчи ирет ката кетирсе, ал сажда сахуну кайталап кылабы?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен
الجواب حامدا ومصليا
Эгер адам намазда бир нече ката кетирсе, ташахуддан кийин бир эле сажда саху кылып койсо жетиштүү болот.
Сажда саху мындайча кылынат: намаздын акырында отуруп, ташаххудду окугандан кийин оң тарабына салам берип анан эки ирет сажда кылат. Андан кийин ташаххуд, салават анан дуба окуп намазды биринчи оң жагына анан сол жагына салам берип бүтүрөт.
Эгер кимдир бирөө сажда саху кылгандан кийин ката кетирсе да, бир эле жолу саху кылып коюу жетиштүү болот.
وإن تكرر ترك الواجب حتى لا يجب عليه أكثر من سجدتين. (تبيين الحقائق ١/١٩١ باب سجود السهو امداديه).
ولو سها في صلاته مرارا يكفيه سجدتان. (خلاصة الفتاوى ١/١٧۳ رشيديه).
والله أعلم بالصواب
Жооп берди:
Татиков Рафаил