Сууктун себебинен гусул албай таяммум алса болобу?
Сууктун себебинен гусул албай таяммум алса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде суук күндөрү гусул алганга жылуу жай, же жылуу суу жок болсо жана муздак суу менен гусул алган учурда оруп калуунун катуу ыктымалы болсо, (мисалы: адамдын ден соолугу өтө начар) анда таяммум алып, намаз окуганга уруксат берилет. Ал эми ден соолугу чын болсо жана гусул алгандан кийин жылуу бөлмөгө жылыганга мүмкүнчүлүк болсо, анда таяммум алганга уруксат берилбейт..
ويجوز التيمم إذا خاف الجنب إذا اغتسل بالماء أن يقتله البرد أو يمرضه هذا إذا كان خارج المصر إجماعا فإن كان في المصر فكذا عند أبي حنيفة خلافا لهما والخلاف فيما إذا لم يجد ما يدخل به الحمام فإن وجد لم يجز إجماعا، وفيما إذا لم يقدر على تسخين الماء فإن قدر لم يجز هطذا في السراج الوهاج (الفتاوى الهندية ١/۲۸ ط: رشيديه).
والله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали