KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Даарыгер арткы авратка манжа салып текшергенде даарат бузулабы?

Даарыгер арткы авратка манжа салып текшергенде даарат бузулабы?
Простатит менен ооруган адамды текшергенде арткы авратка манжаны киргизип текшерет. Ошондо даарат жана гусул бузулабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде арткы авратка даарыгер простатит текшериш үчүн манжаны киргизсе, гусул бузулбайт, бирок манжаны терең киргизсе, даарат бузулат. Ал эми терең киргизбесе, анда карап көрүү керек, эгерде манжа нымдалса, анда бузулуп калат, а эгерде нымдалбаса, анда даарат бузулбайт. Бирок, ушул абалда дагы даарат алып коюу жакшыраак.   

في الرد: رجل أدخل إصبعه في دبره وهو صائم اختلف في وجوب الغسل والقضاء. والمختار أنه لا يجب الغسل ولا القضاء؛ لأن الإصبع ليست آلة للجماع فصار بمنزلة الخشبة ذكره في الصوم، وقيد بالدبر لأن المختار وجوب الغسل في القبل... إلخ (رد المحتار ١/١٦٦ ط: سعيد).

في الدر: وكذا لو أدخل أصبعه في دبره ولم يغيبها، فإن غيبها أو أدخلها عند الاستنجاء بطل وضوءه وصومه.

وتحته في الرد: (قوله ولم يغيبها) لكن الصحيح أنه تعتبر البلة أو الرائحة ذكره في المنتقى لأنه ليس بداخل من كل وجه... وفي المنية: وإن أدخل المحقنة ثم أخرجها وإن لم يكن عليها بلة لم ينقض، والأحوط أن يتوضأ (رد المحتار ١/١٤٩ ط: سعيد).  

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
20:05
1076

Башка фатвалар

Кусуудан даарат бузулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде кусуундуда тамак-аш, суусундук болуп жан
Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек.
Намазда тишке туруп калган этти жутуп алса намаз бузулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Тиштин ортосунда туруп калган эттин өлчөмү буур