KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эгерде, имам аср жана бешим намаздарында үн чыгарып кыраат кылса, сажда саху важиб болобу?

Эгерде, имам аср жана бешим намаздарында үн чыгарып кыраат кылса, сажда саху важиб болобу?
1. Эгерде, имам аср жана бешим намаздарында үн чыгарып кыраат кылса, сажда саху важиб болобу?
2. Эгерде имам багымдат, шам же куфтан намазда үн чыгарбай, ичинен кыраат кылса сажда саху важиб болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

1. Эгерде үч кичинекей же бир узун аят окуган болсо, анда намаздын аягында сажда саху кылуу зарыл болот. А эгерде үн чыгарып бир кичинекей же узун аяттын бир эки сөз эле окуган болсо, анда сажду саху кылуунун кажети жок.

2.Экинчи суроонун жообу да ушундай. Эгерде имам үн чыгарбай ичинен үч кичинекей же бир узун аят окуса, сажда саху важиб болот.

في الدر: (والجهر فيما يخافت فيه) للإمام (وعكسه) لكل مصل في الأصح، والأصح تقديره (بقدر ما تجوز به الصلاةفي الفصلين، وقيل) قائله قاضيخان يجب السهو (بهما) أي بالجهر والمخافتة (مطلقا) أي قل أو كثر (وهو ظاهر الرواية).

وتحته في الرد: (قوله والجهر فيما يخافت فيه للإمام إلخ) في العبارة قلب وصوابها والجهر فيما يخافت لكل مصل و عكسه للإمام... والحاصل: أن الجهر في الجهرية لا يجب على المنفرد اتفاقا، وإنما الخلاف في وجوب الإخفاء عليه في السرية، وظاهر الرواية عدم الوجوب كما صرح بذلك في التتارخانية عن المحيط، وكذا في الذخيرة وشروح الهداية كانهاية والكفاية والعناية ومعراج الدراية. وصرحوا بأن وجوب السهو عليه إذا جهر فيما يخافت رواية النوادر. فعلى ظاهر الرواية لا سهو على المنفرد إذا جهر فيما يخافت فيه وإنما هو على الإمام فقط (رد المحتار ۲/۸١ ط: سعيد).

3. Ал эми бир адам жалгыз намаз окуп жаткан учурда, бирөө ага кошулуп уюду, анда бул маселеде эки абал бар:

·       Намаз окуп жаткан адам ошол замат имамчылыкка ниет кылат.

·       Имамчылыкка ниет кылбай, өзүнүн намазын улантып окуй берет.

Биринчи абалда, ниет кылгандан кийин келген жеринен кыраатты үн чыгарып окуйт, экинчи сүрөттө үн чыгарбай деле окуса боло берет.

(ويجهر الإمام) وجوبا بحسب الجماعة، فإن زاد عليه أساء، ولو ائتم به بعد الفاتحة أو بعضها سرا أعادها جهرا بحر، لكن في آخر شرح المنية ائتم به بعد الفاتحة، نجهر بالسورة إن قصد الإمامة وإلا فلا يلزمه الجهر. (ؤد المحتار ١/٥۳۲ ط: سعيد).

الله اعلم  و

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
19:15
1278

Башка фатвалар

Аср жана Пешим намазда үн чыгарып кыраат кылса сажда саху важиб болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Эгерде имам Аср жана Пешим намазда
Эгерде, имам кыраатты бүтүргөндөн кийин унчукпай туруп калса сажда саху важиб болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде, имам кыраатты бүтүргөнд
Эгерде адам комага түшүп калса калып кеткен намаздарын казасын окуш керекпи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде команын мөөнөтү бир күн болсо