Орозо учурунда спрей даары колдонсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
– Аэрозолдорду же спрейди колдонуу мисалга, астмада орозону бузат, анткени даары чачуу менен дем алуу жолдору аркылуу ичке барат. Ошондуктан, эгерде астма оорулуу күндүзү спрейге муктаж болсо, орозо кармабай койсо болот жана качан мүмкүнчүлүгү болгондо, кармабай калган күндөрүнүн орозосун мисалга, кышында күндүн кыска мезгилинде толуктап коёт.
(أو دخل حلقه غبار أوذباب أو دخان) ولوذاكرا استحسانا لعدم إمكان التحرز عنه، ومفاده أنه لو أدخل حلقه الدخان أفطر أي دخان كان ولوعودا أوعنبرا لو ذاكرا لإمكان التحرز عنه... إلخ (رد المحتار ٢/٣٩٥ ط: سعيد).
– Ал эми эгерде, оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе жана оорулуу спрейсиз тура албай калса, анда орозону спрейди колдонуу менен кармай берет жана буга кошумча ал этияттык максатта фидия да төлөйт. Муну менен ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша орозого карата өзүнүн милдеттерин аткарган болот. Бирок, эске алып коюу керек, эгерде ал оорусунан кокус айыгып кете турган болсо, орозо учурунда спрей колдонгон күндөрүнүн орозолорун кайрадан кармап берүүсү керек. Ал эми төлөнгөн фидиялар үчүн болсо, садака катары өзүнчө сооп алат.
وأفاد القهستاني عن الكرماني: أن المريض إذا تحقق اليأس من الصحة أي صحة يقدر معها على الصوم فعليه الفدية لكل يوم. (حاشية الطحطاوي ص: ٦٨٨ ط: دار الكتب العلمية).
– Эгерде, кимдир бирөө орозо учурунда олуттуу себептер менен спрей колдонгон болсо, анда Рамазандан кийин ал спрей же аэрозоль колдонгон күндөрүнүн орозосун толуктап кармап берет, бул учурда каффара важиб болбойт.
ضابط ما يفطر ولا كفارة فيه أن ما ليس فيه غذائية ولا معناه أو فيه ولكن صحبه عذر شرعي أوقصور وأوصله إلى جوفه أو دماغه... إلخ (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص: ٦٢١ كتاب الصوم، باب ما يفسد الصوم ويوجب القضاء من غير كفارة، ط: قديمي).
فقط و الله اعلم