Орозо учурунда күндүз тиш пастасын колдонсо болобу?
Орозо учурунда күндүз тиш пастасын колдонсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
– Орозо учурунда күндүзү тиш пастасын колдонуу дурус эмес (макрух), анткени паста ичке кирип кетүүсү мүмкүн. Эгерде, тиш пастасы алкымга кирип кетсе, орозо бузулат. Ошондуктан тишти пастаны таң атканга (субх ас-садык) чейин колдонуу керек.
وكره ذوق شيء ومضغه بلا عذر. (رد المحتار ٢/٢١٦ ط: سعيد).
– Орозо учурунда мисвак колдонууга уруксат берилет. Анын үстүнө мисвак бул сүннөт. Ошондуктан, күндүзү мисвакты пайдаланган жакшы. Мисвак пайдалануу орозого эч кандай таасирин тийгизбейт.
ولا بأس بالسواك الرطب واليابس في الغداة والعشي عندنا. (الفتاوى الهندية ١/١٩٩ ط: رشيديه).
فقط و الله اعلم
Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан