KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Орозо учурунда медициналык инъекцияларды кылса болобу?

Орозо учурунда медициналык инъекцияларды кылса болобу?
Орозо учурунда медициналык инъекцияларды кылса болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

– Шприцтин жана көңдөй ийнелердин жардамы менен венанын же булчуңдун (айырмасы жок)  ичине жасалган инъекциялар, орозону бузбайт. Ошондуктан, эгерде ал адамдын дарылоо баракчасында сөзсүз жасалыш керек деп көрсөтүлгөн болсо, орозо учурунда укол жасоого уруксат берилет. Уколдордон орозо бузулбайт.

Ошондой эле капельница коюуга да уруксат.

وما يدخل من مسام البدن لا يفطر. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٣ ط: رشيديه).  

لأن الموجود في حلقه أثر داخل من المسام الذي هو خلل البدن، و المفطر إنما هو الداخل من المنافذ للاتفاق على أن من اغتسل في ماء فوجد برده في باطنه أنه لا يفطر، وإنما كره الإمام الدخول في الماء والتلفف بالثوب المبلول لما فيه من إظهار الضجر في إقامة العبادة لا لأنه مفطر. (رد المحتار ٢/٣٩٥، ٣٩٦ كتاب الصومن باب ما يفسد الصوم وما لا يفسده، مطلب: يكره السهر إذا خاف فوت الصبح ط: سعيد).

لو أوصل الدواء إلى داخل لحم الساق أو غرز فيه سكينا أو غيرها فوصلت مخه لم يفطر بلا خلاف لأنه لا يعد عضوا مجوفا. (المجموع شرح المهذب للنووي ٦/٣١٤ ط: دار الفكر).

Жогоруда айтылгандай, врачтар дайындаган дарылоо инъекцияларын жасоого, аларсыз адамдын ден-соолугу же өмүрүнө коркунуч туула турган болсо, уруксат берилет. Бирок, орозо учурунда буларды дарылоо максатында эмес, косметикалык максатта сергитүү же жашартуу каражаты катары колдонууга уруксат берилбейт (макрух).

من اغتسل في ماء فوجد برده في باطنه أنه لا يفطر وإنما كره الإمام الدخول في الماء والتلفف بالثوب المبلول لما فيه من إظهار الضجر في إقامة العبادة، لا لأنه مفطر. (رد المحتار ٣٩٥ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
0
21:19
1774

Башка фатвалар

Орозо учурунда курсак жакка инъекция кылса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде, курсакка укол кылынса м
Орозо учурунда клизма кылдырса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Түз ичеги аркылуу бир нерсени к
Орозо учурунда сагыз чайнаса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Орозо учурунда сагыз чайноо, же оозун