KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Арам тамак менен ооз ачып жаткан адамдын туткан орозосу кабыл кылынабы?

Арам тамак  менен ооз ачып жаткан адамдын туткан орозосу кабыл кылынабы?
Арам тамак менен ооз ачып жаткан адамдын туткан орозосу кабыл кылынабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде, адам арам тамак менен ооз ачып жаткан болсо, анын орозосу жарактуу болот жана фарз болгон ибадатты аткарган болуп эсептелет, бирок Аллах Таала аны кабыл алабы жана ага сооп береби? Имам Газали өзүнүн китебинде имам Насаи риваят кылган хадисти келтирет жана анда Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун): Орозо тутушуп, бирок туткан орозолорунан ачкалык жана чаңкоодон башка эч нерсе табышпаган канчалаган адамдар жүрөт” – деп айткан. Жана ушул хадистин бир түшүндүрмөсүнө ылайык, бул орозо кармап бирок оозун арам тамак менен ачкандар жөнүндө айтылган дейт. Бирок, бул орозо кармабаса болот дегенди билдирбейт, анткени орозону атайын кармабай коюу чоң күнөө жана Рамазан айындагы орозо Исламдын түркүктөрүнүн бири эмеспи.  Тезирээк, адам өзүн адал болгон жана адал жол менен табылган тамак-аш менен камсыз кылууга аракет кылуусу керек.

وقد قال صلى الله عليه وسلم: "كم من صائم ليس له من صومه إلا الجوع والعطش" فقيل: هو الذي يفطر على الحرام. (إحياء علوم الدين ص:٢٧٨ ط: دار ابن حزم).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
21:07
1034

Башка фатвалар

Денеси толук күйүп кеткен адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты
Эгерде маркумдун денеси толук же жарым-жартылай күйгөн болсо, көмүргө же күлгө айланып калса, анда м
Аялдар гусул алып жатканда сөйкөлөрүн чечип салуу керекби?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب
ВИЧ оорулуунун орозосу
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا ВИЧ менен ооруган адамга Рамазан айын