KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

ВИЧ оорулуунун орозосу

ВИЧ оорулуунун орозосу
ВИЧ менен оруган адамга орозо кармабай койсо болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

ВИЧ менен ооруган адамга Рамазан айындагы орозо учурунда күндүзү препараттарды алып туруу сөзсүз зарыл болсо, анда ал төмөндөгү өкүмдөрдү жетекчиликке алуусу  керек: 

ВИЧ оорулууга ар бир он эки саатта дары препараттарын алып туруу зарыл болсо, анда ага орозо кармабай коюуга уруксат берилет, жана качан күндүзгү күн кыскаргандан кийин, мисалга кыштын күнү, ал каза орозолорун толуктап кармап коюуга тийиш.

(أومريض خاف الزيادة) لمرضه وصحيح خاف المرض، وخادمة خافت الضعف بغلبة الظن بأمارة أو تجربة أو بإخبار طبيب حاذق مسلم مستور. (رد المحتار ٢/٤٢٢ ط: سعيد).

Эскертүү: Бардык учурда ал орозонун өзгөчөлүгүн билген мусулман врач менен кеңешип туруу керек.

 Бирок, ал орозо кармай албай турган болсо жана анын качандыр бир убакта айыгуу ыктымалы да жок болсо, анда ал фидия төлөө керек. Фидиянын өлчөмү мындайча эсептелет: ар бир орозо кармабай калган күн үчүн 1,75 кг буудай же анын наркы кедейлерге берилет.

فالشيخ الفاني الذي لا يقدر على الصيام يفطر ويطعم لكل يوم مسكينا كما يطعم في الكفارة كذا في الهداية. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).

Эгерде, фидия төлөгөндөн кийин ал оорусунан айыгып кете турган болсо, анда орозонун каза кылган жана ал үчүн фидия төлөгөн күндөрүн кармап берүүгө тийиш. Ал эми төлөнгөн фидиялар үчүн Аллах Таала ага өзүнчө сооп берет.

ولو قدر على الصيام بعد ما فدى بطل حكم الفداء الذي فداه حتى يجب عليه الصوم. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).

Рамазандын бардык күндөрү үчүн фидияны бир эле кедейге берсе да, жана ар бир күн үчүн башка башка кедейлерге да берсе болот.

في الرد: وإطلاق كلامه يدل على أنه لو دفع إلى فقير جملة جاز ولم يشترط العدد ولا المقدار. (رد المحتار ٢/٤٢٤ ط: سعيد).

Эскертүү: Мусулмандарга жардам берүү үчүн фидиянын өлчөмүн туура эсептөө керек. Мусулмандар дин башкармалыгы өзүнүн сайтында ошол жыл үчүн анын акчалай өлчөмү жөнүндө маалымат жайгаштырат.

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
21:18
905

Башка фатвалар

Арам тамак  менен ооз ачып жаткан адамдын туткан орозосу кабыл кылынабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, адам арам тамак менен ооз ачы