KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Компаниялардын акцияларын сатып алууга болобу?

Компаниялардын акцияларын сатып алууга болобу?
Компаниялардын акцияларын сатып алууга болобу?

 

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Акция – бул анын ээсине акционердик коомдун башкаруу системасына катышууга жана дивиденд түрүндө компаниянын кирешесинин бөлүгүн алууга укук берүүчү баалуу кагаз. Акция ээси акционердик коомдун энчилеш ээси болуп эсептелет. Жөнөкөй сөз менен айтканда бул компаниянын бөлүгүн сатып алды деген келишим. Ал эми шариятта төмөндөгү шарттарды сактоо менен, акционердик коомдун акцияларын сатып алууга уруксат берилет:

1. Акциялары сатылып жаткан компаниялар жалган кагаз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө болууга тийиш.

2. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө шарият тараптан уруксат берилген болуш керек. Бирок, уруксат берилбеген, мисалга, вино, арак продукцияларын, чочконун этин, арам тамактарды  өндүргөн, саткан жана аларды сунуштаган,  кумар оюндардын уюштурган, сүткордук менен алектенген, ж.у.с. компаниялардын акцияларын сатып алуу болбойт. Компаниянын капиталы уруксат берилген мүлктөрдөн түзүлүүгө тийиш.

3. Кээде компания, өзүнүн негизги капиталынан тышкары, товардын жүгүртүлүшүнө же өндүрүшкө катышпаган капиталын, ал дагы киреше алып келүүсү үчүн бөлөк өндүрүшкө салат. Көпчүлүк учурда бул көмөкчү киреше тыюу салынган болуп эсептелет. Анткени,  анын капиталы каржылык мекемелерине же ишканаларга тиешелүү суммага жана мөөнөткө тиешелүү пайыз менен берилип жатат. Кээде компания уруксат берилбеген ишмердик жүргүзгөн бөлөк компаниянын үлүш акциясын сатып алат, же компания негизги капиталдан тышкары каржы мекемелеринен пайызы менен акчаларды алат жана алардын алдында карыздык милдеттенмелерди көтөрөт.

Кээ бир аалымдардын пикиринде мындай компаниялардын акцияларын сатып алууга уруксат берилбейт. Анткени, акция кармоочу өзүнүн үлүшүнө жараша компаниянын ээси болуп эсептелет жана иш жүзүндө өзүнүн каалоосу менен уруксат берилбеген келишимге катышкан болуп калат.

Бирок, бөлөк аалымдардын пикиринде: Эгерде карыздык милдеттенмелердин үлүшү же пайызга алынган каражаттар, компаниянын бардык  рыноктук капитализациясынын 30% төмөн болсо жана ошондой эле бул уруксат берилбеген булактардан түшкөн киреше, компаниянын таза кирешесинин 5% пайызынын ашпаса, анда компаниянын акцияларын сатып алууга болот. Ошону менен бирге акция кармоочу акционерлердин жылдык чогулушунда мындай уруксат берилбеген келишимдерди колдобой тургандыгын билдирүүсү керек. Эми ушундан кийин дагы компания ишмердиктин мындай түрүн жүргүзүүнү уланта бере турган болсо, анда акция кармоочу бул кирешени өзүнүн дивиденддеринин арасынан чыгарып салып, кедейлерге садака кылып таратып  жиберүүгө тийиш.

4. Акция сатып алууда соодадагы шарият талап кылган шарттар сакталууга тийиш. Мисалга, акциялар сатуучунун ээлигинде болуусу керек жана ошондой эле кардар акцияларды сатып алуу боюнча соода бүтөөрү менен, сатып алынган акцияларды, аларды каалагандай пайдалануу үчүн, өзүнүн ээлигине өткөруп алуусу керек.

ولكن هذا الجواز يخضع لجميع شروط البيع. فلو كانت الشركة لم تبدأ نشاطها، وكانت موجوداتها مقتصرة على نقود، فإن أسهم تلك الشركة لا تمثل إلا نقودا، فلو بيع السهم بنقد في هذه الحالة، فإنه لا يجوز بيعها بأقل أو أكثر من قيمتها الإسمية؛ لأن التفاضل يؤدي إلى الربا. وكذلك إن كانت الشركة تجارتها حراما، مثل الشركات التي تتعامل في الخمر أو الخنزير، أو البنوك الربوية، يحرم تداول أسهمها. أما إذا كانت الشركة نشاطها التجاري حلالا، ولكنها تودع فائض نقودها في البنوك الربوية، وقد تقترض منها قروضا ربوية، فاختلفت أنظار الفقهاء المعاصرين في جواز شراء أسمهمها. فقالت جماعة من العلماء: إنه لا يجوز شراؤ أسهمها... وقال الآخرون: إن إيداع فائض نقودها في البنوك الربوية عملية منفصلة عن نشاطها التجاري فلا يؤثر على أصل النشاط بشرط أن يكون قليلا إلى نشاطها الأساسي، وقدره أكثر الموجيزين أن يكون مثل هذا الإيداع أقل من ثلاثين في مائة بالنسبة إلى قيمة موجوداتها، والعائد الناتج منها أقل من خمسة في مائة من مجموع إيراداتها. وقالوا: إن حامل السهم يجب عليه أن يرفع صوته في الجمعية العمومية ضد الإقراض أو الاقتراض الربوي، ولكن إذا رفض صوته بالأغلبية، ودخل هذا الكسب المحرم في أرباح الشركة، فإنه يجب عليه أن يتخلص من هذا الكسب المحرم بالتصدق بما يساوي حصته من الإيراد الذي دخل في الشركة تبعا من خلال هذا الإيداع. (فقه البيوع ١/۳۸١-۳۸۲ ط: مكتبة معارف القرآن).

Булфонддук биржа аркылуу эмес, өзү сатып алган акцияларга гана тиешелүү. Каржылык фонддук биржалар жөнүндө өзүнчө макала жазылат.

 

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+4
01:01
1059

Башка фатвалар

Курмандык чалуу үчүн карыз алууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, ошол мусулман адамга курманды
Курмандык малын бир нече күн мурда сатып алып коюуга  болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Малды бир нече күн мурда сатып алып к
Адал лактар болобу? Адал лактар менен лакталган тырмактар менен даарат алууга мүмкүнбү?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адал лактар жөнүндө ар кандай пикирле