KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Орозо учурунда аялын өбүүнүн өкүмү кандай?

Орозо учурунда аялын өбүүнүн өкүмү кандай?
Орозо учурунда аялын өбүүнүн өкүмү кандай?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Орозо учурунда күндүзү аялынын жанына жатууга, аны кармалоого, өбүүгө уруксат берилет. Бул амалдар орозону бузбайт. Бирок, бул амалдардын жыныстык жакындыкка, же уругунун чыгуусуна алып келүү ыктымалы болгондуктан, алардан баш тартуу керек. Орозо кармаган адамдын, орозонун бузулуусуна алып келүүчү жана аны кылууга түртүүчү кайсы  нерселерди болбосун кылуусу айыпталат. Орозо учурундагы өтө ачык жана чектен аша эркелешүүлөрдү аалымдар дурус эмес (макрух) деп эсептешет.

ولا بأس بالقبلة إذا أمن على نفسه من الجماع والإنزال ويكره إن لم يأمن، والمس في جميع ذلك كالقبلة. (الفتاوى الهندية ١/٢٧٦ ط: رشيديه).

في الرد: وبه علم أن رواية محمد بيان لكون ما في ظاهر الرواية من كراهة المباشة ليس على إطلاقه بل هو محمول على غير الفاحشة. (رد المحتار ٢/٤١٨ ط: سعيد).

— Эгерде, өбүшүүдөн, эркелешүүдөн ж.у.с. урук чыга турган болсо, орозо бузулат. Кийин, казасын тутуп берүү керек, каффара важиб болбойт. Бирок, күндүн калган бөлүгүндө жеп, ичүүгө тыюу салынат. 

وإذا قبل امرأته وأنزل فسد صومه من غير كفارة كذا في المحيط. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٤ ط: رشيديه).

— Орозо мезгилинде, өбүшүү учурунда, шилекейлер ооздон оозго өтүп кетүүсүнөн этият болуу керек, анткени аялынын шилекейин жутуп ала турган болсо, орозо бузулат. Мындай учурда, орозонун казасын кармап берүүгө милдеттүү болуу менен бирге каффарасын аткаруу  да важиб болот.

في مراقي الفلاح: (و) منه (ابتلاع بزاق زوجته أو) بزاق (صديقه) لأنه يتلذذ به. (حاشية الطحطاوي ص: ٦٦٧ ط: دار الكتب العلمية).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
20:43
891

Башка фатвалар

Орозо учурунда курсак жакка инъекция кылса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде, курсакка укол кылынса м
Орозо учурунда клизма кылдырса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Түз ичеги аркылуу бир нерсени к
Орозо учурунда сагыз чайнаса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Орозо учурунда сагыз чайноо, же оозун