Айыз, нифас жана истихаза
1-суроо: Айыз, нифас жана истихазанын шариятта кандай өкүмү бар?
Жооп: Аялдын менструалдык цикли кээ бир ибадаттарга байланыштуу болгондуктан, ислам аалымдары бул маселеге өзгөчө көңүл бурушат. Аялдарга гана мүнөздүү үч абал бар: айыз, нифас жана айыздын мөөнөтүнөн тышкары кан агуулар.
Аялдын айлык кан келүүсү фикхте “айыз” деп, төрөттөн кийинки кандын келүүсү “нифас” деп, ал эми айыз менен нифастан тышкары кандын оору себебинен келүүсү “истихаза” деп аталат. Бул кан келүүлөр толугураак төмөндө берилет.
2-суроо: Айыз деген эмне?
Жооп: Айыз деген бул дени сак, жыныстык жактан жетилген аялдын жатынынан ай сайын келүүч кан. Айыздын эң аз мөөнөтү үч күн үч түн, мындайча айтканда 72 саат. Ал эми эң көп мөөнөтү он күн он түн. Эки айыздын эң аз аралыгы он беш күн.
3-суроо: Нифас деген эмне?
Жооп: Төрөттөн кийин кандын кырк күндөн ашык эмес келүүсү нифас деп аталат.
4-суроо: Аялдар айызжана нифас мезгилинде эмнелерди кылбоого тийиш?
Жооп: Аялдарга айыз жана нифас мезгилинде тыюу салынат:
- намаз окууга, фарз да нафил да орозо кармоого;
- мечитке кирүүгө, Каабаны айланып таваф кылууга;
- Куран окууга;
- Куранды кармоого, бирок Куран бир нерсенин ичине салынган болсо, жана ага жабышпаган болсо, анда мүмкүн;
- күйөөсү менен жыныстык катнаш кылууга.
6-суроо: Айыздын эң аз жана эң узак мөөнөтү канча?
Жооп: Айыздын эң аз мөөнөтү үч күн, мындайча айтканда жетимиш эки саат, эң узак мөөнөтү он күн, же эки жүз кырк саат.
7-суроо: Айыздын белгилүү өңү барбы?
Жооп: Бөлүнгөн кандын өңү кандай болбосун, кызылбы, сарыбы, жашылбы, топурактын өңүндөйбу, ал ак болмоюнча айыз деп аталат.
8-суроо: Эгерде бөлүнгөн нерсенин өңү ак болсо, күйөөсү менен жыныстык катнаш кылса болобу?
Жооп: Эгерде бөлүнүп чыккан ак нерсе он күнгө чейин пайда болсо, анда гусул кылмайынча же толук бир намаздын убагы өтмөйүнчө, күйөөсү менен жыныстык катнаш кылууга болбойт. Ал эми эгерде бөлүнүп чыккан ак нерсе он күндөн кийин пайда болсо, бул учурда гусул кылбай туруп эле күйөөсү менен жыныстык катнаш кылууга уруксат берилет.
9-суроо: “Тухр” деген эмне?
Жооп: “Тухр” деген эки айыздын ортосундагы убакыт, мындайча айтканда аялдын кандан таза күндөрү.
10-суроо: Тухрдун (таза күндөрүн) эң аз жана эң көп мөөнөтү канча?
Жооп: Тухрдун(таза күндөрүн) шариятта белгиленген эң аз мөөнөтү он беш күн, ал эми көбүнүн мөөнөтү жок, ал жылдап созулушу мүмкүн, бирок бул сейрек учур.
11-суроо: Истихаза деген эмне?
Жооп: Истихаза деген бул жыныстык жактан аялдын жатынынан үч күн үч түндөн аз (72 саат) келген же айыздын оң күндөн кийин келген канды айтат. Ошондой эле нифастын кырк күндөн кийин келген канды айтат. Мындайча айтканда айыздын жана нифастын эң аз жана эң көп мөөнөтүнөн тышкары кан истихада болот.
12-суроо: Аялдар истихаза мезгилинде диндеги фарздарды жана ибадаттарды аткара алабы?
Жооп: Истихаза мезгилинде аял намазды окуйт, орозону тутат, башка фарздарды жана ибадаттарды аткара берет. Намаз окуш үчүн ар бир намазга даарат алуу керек. Нафль ибадаттарды аткаруу үчүн фарз намазга алынган даарат жетет.
وأقله ثلاثة أيام وأكثره عشرة فما نقص من ذلك أو زاد استحاضة (البحر الرائق ج:١ص:١٩١ ط: سعيد).
وأقل الطهر خمسة عشر يوما ولا غاية لأكثره (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٣٧ ط: رشيدية).
إذا كان الطهر خمسة عشر يوما أو أكثر يعتبر فاصلا فيجعل كل واحد من الدمين أو أحدهما بانفراده حيضا (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٣٧ ط: رشيديه).
ومنها: أن يسقط عن الحائض والنفساء الصلاة فلا تقضي هكذا في الكفاية... ومنها: أن يحرم عليهما الصوم فتقضيانه هكذا في الكفاية (الفتاوى الهندية ١/٣٧ ط: رشيديه).
وهو دم يعقب الولادة كذا في المتون (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٣٧ ط: رشيديه).
أقل النفاس ما يوجد ولو ساعة وعليه الفتوى، وأكثره الأربعون كذا في السراجية (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٣٧ ط: رشيديه).
الأحكام التي يشترك فيها الحيض والنفاس ثمانية، ومنها أن يسقط عن الحائض والنفساء الصلاة قلا تقضي... ومنها أن يحرم عليهما الصوم فتقضيانه ... ومنها حرمة الطواف لهما بالبيت وإن طافتا خارج المسجد ... ومنها حرمة قرأة القرآن ومنها حرمة مس المصحف لا يجوز لهما... ومنها حرمة الجماع .(الفتاوى الهندية ج:١ ص:٣٧، ٣٩ ط: رشيديه).
والاستحاضة دم نقص عن ثلاثة أيام، أو زاد على عشرة في الحيض، وعلى أربعين في النفاس. (نور الإيضاح ص:٥٣ ط: مكتبة البشرى)
اشترط الحنفية لصحة الصوم شروطا ثلاثة هي النية والخلو عما ينافي الصوم من حيض ونفاس وعما يفسده (الفقه الإسلامي وأدلته ٢/٦١٦ ط: دار الفكر).