KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кадимки байпакка масх тартууга уруксат берилеби

Кадимки байпакка масх тартууга уруксат берилеби

Бүгүнкү күндө кадимки чүпүрөк байпакка масх тартуу маселеси өтө актуалдуу болуп жатат. Ал ар кандай деңгээлде коомдун ар түрдүу катмарында талкууланууда. Көпчүлүгу имам Тирмизинин  Мугира бин Шубанын риваят кылган хадисине таянуу менент байпактар сыяктуу эле кадимки жука кездеме байпакка да масх тартууга уруксат берилет дешет.  

عن مغيرة بن شعبة قال: "توضأ النبي صلى الله عليه وسلم ومسح على الجوربين والنعلين"  (رواه الترمذي ٩٩).

Котормосу: Мугира бин Шуба  айтат: “Алланын Элчиси (соллаллоху алейхи ва саллам) даарат алып, байпагына (жаурабга) жана бут кийимине масх тартты”. Бул хадисти имам Тирмизи риваят кылды жана аны ал «хасан сахих», мындайча айтканда жакшы, туура деди. Хадистин өзүн биз кийинчирээк карайбыз, азыр болсо кездеме байпактарга масх тартуу маселесин карайбыз.

Шариятка ылайык, даарат алганда бутту жууштун ордуна тери байпакка масх тартууга уруксат берилет, эгерде алар бутка даараттуу абалда кийгизилген болсо. Бул маселе боюнча сахабалардын жана мужтахиддердин ортосунда эч кандай талаш жок. Бирок, кездеме байпак боюнча аалымдардын пикирлери  эки топко бөлүнүп кетти. Бул маселени азыр жакшылап карап чыгабыз.

Шариятта  даарат алууда бутту жууш  фарз  болуп эсептелет. Алла Таала айтат :

قال الله تعالى: "يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ)" سورة المائدة الآية ٦(.

Котормосу: ”Эй, ыйман келтиргендер, качан силер намазга тура турган болсоңор жүзүңөрдү жана колуңарды чыканагыңарга чейин (чыканагыңарды кошуп) жуугула жана ошондой эле башыңарды сылагыла жана бутуңарды кызыл ашыкка чейин (кызыл ашыкты кошуп) жуугула”.

Ал эми тери байпакка масх тартууга бер нече эмес сексен сахабадан риваят кылынган күчтүү хадистердин себебинен уруксат берилет. Ошондуктан, бул маселе боюнча  Ахлю-с-Сунна валь Жамаатты ээрчигендердин арасында эч кандай талаш жок. Ушул себептен бул маселени акыйда маселесине киргизишти.

Бирок, “жаураб” деп аталуучу кездеме байпакка масх тартуу маселесине келе турган болсок, бул маселе боюнча күчтүү хадистер жок. Ушул себептен аалымдардын пикирлери бөлүнүп кетти.

Уруксат берилет дегендер алсыз хадиске эмес, хуфф деп аталуучу тери байпакка уруксат берилүүчү хадистерге таянышат. Ошондой эле, даарат алганда буттарды жууштун ордуна жаурабга масх тартышчу деген сахабалардан риваят кылынган хадистер бар. Ошондуктан, кээ бир мужтахиддер, ушул айтылгандардын бардыгын эске алуу менен, эгерде кездеме байпактардын касиети тери байпактардын касиети жана сапатына жооп бере турган болсо, мындай учурда ал байпактарга масх тартууга уруксат берилет деген пикирге келишкен. Бирок, эгерде алар тери байпактардын касиетиндей болсо. Аалымдар кездеме байпактарда тери байпактардын үч белгиси болуш керек дешет.

Биринчиси: Алар 5-6 км тынбай басканга чыдап, жыртылбаш керек.

في الرد: (قوله فرسخا فأكثر) تقدم أن الفرسخ ثلاثة أميال اثنا عشر ألف خطوة... وقال القهستاني: أي الشرعي كما هو المتبادر. (رد لمحتار ١/۲٦۳ ط: سعيد).

Экинчиси: Алар кездеме байпактар сыяктуу сууну өткөрүп жибербей, калыңдыгы себебинен сууга чыдамдуу болуш керек. Албетте, тери байпактар да суу болот, бирок кездеме байпактар сыяктуу сууну дароо эмес, материалдын тыгыздыгынан бир канча убакыттан кийин өткөрөт.

  فإن كان رقيقين يشفان الماء لا يجوز المسح عليهما بالإجماع (بدائع الصنائع ١/١٠ ط: دار الكتب العلمية).

 Үчүнчүсү: Алар бутта ийилчээктиги же тыгыздыгы себептүү эмес, калындыгы себебинен кармалып туруш керек. 

في الدر: (أو جوربيه) ولو من غزل أو شعر (الثخينين) بحيث يمشي فرسخا ويثبت على الساق بنفسه ولا يرى ما تحته ولا يشف إلا أن ينفذ إلى الخف قدر الغرض. (رد المحتار ١/۲٦٩ط: سعيد).

(و) حد الجورب (الثخينين أن يستمسك) أي يثبت ولا ينسدل (على الساق من غير أن يشد بشي) هكذا فسروه كلهم وينبغي أن يقيد بما إذا لم يكن ضيقا فإنا نشاهد ما يكون فيه ضيق يستمسك على الساق من غير شد.

Бул жерде биз кездеме байпактардын бул талаптарга  жооп берген жана жооп бербеген эки түрүн алабыз. Биринчиси, фикх термининде сахин, экинчиси ракык деп аталат. Сахи тыгыз, калын кездеме байпакты айтат, ракык жука кездеме байпакты айтат. Демек, сахин масх тартууга уруксат берилген кездеме байпактар. Аларга тери байпактар сыяктуу эле, бутту жууштун ордуна масх тартууга уруксат берилет. Ал эми ракык болсо бул масх тартууга уруксат берилбеген кездеме байпактар. 

ولأن الجواز في الخف لدفع الحرج لما يلحقه من المشقة بالنزع وهذا المعنى موجود في الجورب بخلاف اللفافة والمكعب لأنه لا مشقة في نزعهما. (بدائع الصنائع ١/١٠ ط: دار الكتب العلمية).

Жаураб жөнүндө Мугира бин Шубанын хадистин даражасы

Төмөндө, биз кездеме байпактарга (жаураб) масх тартууга уруксат берилүүсүн кеңири карап чыгабыз.

Биринчи Мугира бин Шубанын хадисти карап чыгабыз жана анын даражасын көрөбүз.

حدثنا هناد ومحمود بن غيلان قالا: حدثنا وكيع عن سفيان عن أبي قيس (الأودي) عم هزيل بن شرحبيل عن المغيرة بن شعبة قال: "توضأ النبي صلى الله عليه وسلم ومسح على الجوربين والنعلين"  (رواه الترمذي ٩٩).

Котормосу: Имам Тирмизи айтат: Бизге Ханнад жана Махмуд бин Гайлан айтып берди, алар имам вакиден айтып берип жатышат, ал Суфьяндан, ал Абу кайстан, ал Хузейл бин Шурахбилдан, ал Мугира бин Шубадан. Мугира бин Шуба  айтат: “Алланын Элчиси (соллаллоху алейхи ва саллам) даарат алып, байпагына (жаурабга) жана бут кийимине масх тартты”.

Албетте, имам Тирмизиге ылайык күчтүү хадис келтирүү өтө олуттуу жүйөө болуп эсептелет, белгилеп кетүү керек бул имам Тирмизинин пикирине ылайык. Бирок, ал хадисте ал кандай байпак, эмне материалдан жасалышы керек, тыгыздыгы кандай болуш керектиги айтылган эмес. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, имам Тирмизий келтирип жаткан хадис чындыгында эле күчтүүбү?

Имам Абу Дауд Мугира бин Шубанын хадисти риваят кылгандан кийин мындай деп жазды: Абдурахман ибн Махди бул хадисти риваят кылбачы, себеби Мугиры бин Шубанын жалпыга белгилүү бул хадисинде Алланын Элчиси (соллаллоху алейхи ва саллам) даарат алып, жаурабга (кездеме байпакка) эмес, хуффасына, мындайча айтканда тери байпагына масх тартты деп айтылат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Мугиры бин Шубанын хадиси алтымыштай жол (иснаддар) менен берилсе, ал эми бул текст, имам Тирмизи риваят кылган, бир гана жол аркылуу берилип жатат.

قال أبو داؤد: كان عبد الرحمان بن مهدي لا يحدث بهذا الحديث؛ لأن المعروف عن المغيرة أن النبي صلى الله عليه وسلم مسح على الخفين. (سنن أبي داؤد ١/٤١ ط: دار الحديث).

Имам Байхакы бул хадисты риваят кылгандан кийин “бул хадис мункар” деп айтты. Имам Муслим бул хадисти алсыз “заиф” деп эсептеген. Көпчүлүк мухаддистер: Абдурахман ибн Махди, Суфьян Саури, Ахмад ибн Ханбал, Али ибн Мадини, имам Муслим, имам Бухари сыяктуу мухадис аалымдар, бул хадисти  өтө алсыз хадис деп аны “мункар”  категориясына киргизишет жана Курандын ачык өкүмү Абу кайс жана Хузейлге окшогон равилердин себебинен калтырылбайт.

Анын алсыздыгы жөнүндө Суфьян Саури, Абдурахман ибн Махди, Ахмад ибн Ханбал, Яхья ибн Маин, Али ибн Мадини жана Муслим бин Хажаж сыяктуу аалымдар дагы өз пикирлерин белгилешкен.   Имам Навави, ушул айтылып кеткен имамдардын бирөөсүнүн эле пикири Имам Тирмизинин пикиринин четке кагылуусуна жетиштүү, анткени алардын хадис боюнча  даражалары имам Тирмизинин даражасынан бийигирээк  деп эсептелет. Жана алардын бардыгы имам Тирмизи менен макул эмес жана хадистин күчтүүлүгү боюнча карама-каршы пикирде. Жынак сөз мухаддистердин бирдиктүү ою боюнча бул хадис алсыз “заиф” деп эсептелет.

وذكر البيهقي حديث المغيرة هذا وقال: إنه حديث منكر...

قال: اتفق الحفاظ على تضعيفه ولا يقبل قول الترمذي أنه حسن صحيح. انتهى...

وذكر البيهقي في سننه أن أبا محمد يحيى بن منصور قال: رأيت مسلم بن الحجاج ضعف هذا الخبر، وقال أبو القيس الاودي وهزيل با شرحبيل لا يحتملان وخصوصا مع مخالفتهما الأجلة الذين رووا هذا الخبر عن المغيرة، فقالوا: مسح على الخفين، وقالوا: لا يترك ظاهر القرآنبمثل أبي القيس وهزيل (تحفة الأحوذي ١/۳۳٠ ط: دار الفكر).

الحديث الخامس: روي عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه مسح جوربيه، قلت: روي من حديث المغيرة بن شعبة ومن حديث أبي موسى ومن حديث بلال، فحديث المغيرة رواه أصحاب السنن الأربعة... وقال النسائي في سننه الكبرى: لا نعلم أحدا تابع أبا قيس على هذه الرواية، والصحيح عن المغيرة أنه مسح على الخفين... وروي أبو موسى الأشعري أيضا عن النبي صلى الله عليه وسلمأنه مسح على الجوربين، وليس بمتصل ولا بالقوي... وذكر البيهقي حديث المغيرة هذا وقال: إنه حديث منكر، ضعفه سفيان الثوري وعبد الرحمان بن مهدي وأحمد بن حنبل ويحيى بن معين وعلي بن المديني ومسلم بن الحجاح والمعروف عن المغيرة حديث المسح على الخفين، ويروى عن حماعة أنهم فعلوه انتهىقال النووي: كل واحد من هؤلاء لو انفرد قدم على الترمذي، مع أن الجرح مقدم على التعديل، قال: واتفق الحفاظ على تضعيفه، ولا يقبل قول الترمذي: أنه حسن صحيح انتهى (نصب الراية ١/١۸٤ ط: دار الحديث القاهرة).

Жогоруда айтылгандай кездеме байпакка (жаураб) масх тартуу боюнча эң күчтүү хадистин абалы ушундай болсо, ал эми башка хадистер мындан да төмөн. Бирок биз алар жөнүндө дагы айтып кетебиз.

Жаураб жөнүндө башка хадистердин даражалары

Байпакка масх тартуу жөнүндө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам)дан дагы бир нече хадис бар, алар   Абу Муса, Билал, Саубан, Муаз ибн Джабал жана Анастын (аларга Алланын ыраазылыгы болсун) хадистери. Бул хадистерин бир добуштан  алсыз, далил катары колдонууга татыксыз, өзгөчө хадистин мазмуну Алла Таала бутка масх тартууга эмес, аны жуушка өкүм  кылган Курандын ачык аятына карама-карыш келет.

1. Анастын (ага Алланын ыраазылыгы болсун) хадиси колдонууга жараксыз, анткени ал Муса бин Абдулла ат-Тавилден риваят кылынган. Ибн Хиббан аны  хадистерди бурмалаган деп айыптаган, ал эми ибн Адий ал мажхул, м.а. анын ким экендиги белгисиз деген.

2. Муаздын (ага Алланын ыраазылыгы болсун) хадисин Хафиз Укайли өзүнүн «ад-Дуафаа» китебинде Муавия бин Ата аль-Басриден риваят кылат жана бул хадистин негизи жок дейт, ал эми Муавия болсо алсыз риваятчы болгон, буга кошумча ал тагдырга (аль-кадр) ыйман келтирүүнү четке каккан, м.а. бидааттын тарапташы болгон.

حدثنا أحمد بن داؤد قال: حدثنا معاوية بن عطاء... عن الأسود قال: وقع بين عبد الله بن عمر وبين معاذ بن جبل  مشاجرة في المسح، فأنكر عليه عبد الله فقال معاذ: الق أباك فاسأله... فقال عمر لعبد الله: معاذ أفقه منك، ولأيت رسول الله صلى الله عليه وسلم ما لا أحصي يمسخ على الخفين وعلى كور العمامة و الجوربين وشراك النعل.

وهذه كلها بواطيل لا أصول لها (كتاب الضعفاء للعقيلي ٦/٥ ط: دار مجد الإسلام القاهرة).

3. Тасахин деп аталган байпакка масх тартуу келтирилген Саубандын (ага Алланын ыраазылыгы болсун) хадиси. Көптөрү тасахиндин мааниси – кездеме байпактар деп эсептешет. Бирок, бул ката пикир. Ибн аль-Асир айтылып кеткен хадистердеги түшүнүүгө кыйын жана татаал сөздөргө котормо жана аныктама берилген өзүнүн «Ан-Нихая» китебинде тасахин бул тери байпак экендигин келтирет. Ошондой эле,  ал Хамза Аль-Асфаханинин тасхин  аалымдар кийишкен баш кийим жана бул алардын өзгөчөлүгү болгон  деген пикирин келтирет. 

عن ثوبان قال: يعث رسول الله صلى الله عليه وسلم سرية فأصابهم البرد، فلما قدموا على رسول الله صلى الله عليه وسلم امرهم أن يمسحوا على العصائب والتساخين (سنن أبي داؤد رقم: ١٤٦ ط: دار الحديث القاهرة).

فيه "أمرهم أن يمسحوا على التساخين" هي الخفاف ولا واحد لها من لفظها... قال حموة الأصفهاني: أما التسخان فتعريب تشكن، وهو اسم غطاء من أغطية الرأس كان العلماء والموابذة يأخذونه على رؤوسهم خاصة. (النهاية لابن الأثير ١/١۸۸ ط: المكتبة العلمية بيروت).

4. Имам Табрани  Абу Муавиядан, ал  Амаштан, ал Хакамдан, ал  Абдурахман ибн Аби Лейладан, ал Кааб бин Ужрадан, ал Билалдан риваят кылган хадис. Ошондой эле ал дагы  алсыз риваятчылар деп эсептелишкен  Язида бин Аби Зияд жана ибн Аби Лейладан риваят кылат. Язид бин Аби Зияд жана ибн Аби Лейла алсыз риваятчылар болуп эсептелишет.

وأما حديث بلال  فرواه الطبراني في "معجمه" من طريق... عن بلال قال: كان رسول الله صلى الله عليه وسلم يمسح على الخفين والجوربين انتهى. وأخرجه أيضا عن يزيد بن أبي يزيد وابن أبي ليلى عن كعب بن عجرة عن بلال قال كام رسول الله صلى الله عليه وسلم نحوه، و يزيد بن أبي يزيد وابن أبي ليلى مستضعفان مع نسبتهما إلى الصدق، والله أعلم. (نصب الراية ١/١۸٤ ط: دار الحديث القاهرة).

5. Абу Мусанын  (ага Алланын ыраазылыгы болсун) хадиси. Бул хадисти  Иса бин Синан  Даххак ибн Абдурахмандан риваят кылат. Имам Байхаки: “ Даххак бул хадисти Абу Мусадан уккан эмес,  ал эми Иса бин Синан далил катары келтирүүгө болбой турган алсыз риваятчы” -  дейт.

عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنهم، أن رسول الله صلى الله عليه وسلم توضأ ومسح على الجوربين والنعلين (ينن ابن ماجه رقم: ٥٦٠ ط: دار احياء الكتب العربية).

وروي أبو موسى الأشعري أيضا عن النبي صلى الله عليه وسلمأنه مسح على الجوربين، وليس بمتصل ولا بالقوي. (نصب الراية ١/١۸٥ ط: دار الحديث القاهرة).

Жаурабтын үсүтүнө масх тартуу боюнча жогорудагы белгилүү болгондой Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам)дан (марфу хадис) бир ушундай хадис жок, кайсы хадисти баардык мухаддис аалымдар сахих деп эсептешет. Ошондуктан, имам Абу Ханифа, имам Шафии, имам Малик жана башкалар сыяктуу көпчүлүк аалымдар кездеме жана буладан жасалган байпактарга масх тартууга уруксат беришкен эмес. Алардын чечимдери бул маселеде Алла Таала буттарды жуугула деген өкүмүнө негизделген. Ал эми байпактарга масх тартуу боюнча Куранда эч нерсе айтылган эмес. Алар негиз катары алсыз хадистерди алууга болбойт жана Алла Тааланын ачык өкүмүн калтырыш болбойт  деп чечишкен.

Ал эми тери байпактарга масх тартууга келе турган болсока, анда бул жүйөө боюнча өтө көп, сексенге жакын сахабалардан риваят кылынган күчтүү хадистер  бар жана ошондой эле бардык убактарда бул хадистердин риваятчылары да көп болгон. Мындай хадистер мутаватир категориясына кирет. Мутаватир хадистин даражасы сахих (хабр аль-вахид) хадистен жогору турат. Мутаватир хадистери менен  Курандын жалпыланган текстин чектөөгө уруксат берилет. Ал эми ушундай алсыз хадистер менен  аяттын жалпыланган маанисин чектөөгө уруксат берилбейт.

Албетте, мужтахид аалымдардын бир бөлүгү: Суфьян Саури, имам Ахмад, имам Исхак, имам Абу Юсуф, имам Мухаммад, имам Тахави ж.б. жогорудагы айтылган хадистерди жана кебир сахабалардан кездеме байпактарга (маукуф хадистерде) масх тартууну  эске алып кездеме байпактарга уруксат беришкен. “Мусаннаф ибн Аби Шайба”, “Мусаннаф Абдурраззак” деген китептерде төмөнкү сахабалардан кездеме байпактарга масх тартуу боюнча уруксат келген: Али, Абу Масуд, Анас, Бара ибн Азиб, Умар бин Хаттаб, Сахл бин Сад, Ибн Умар, Абу Умама, Амр бин Хурейс, Абдулла бин Масуд, Абдулла бин Аббас, Укба бин Амр.  Ошондой эле төмөнкү табийндерден уруксат келет: Саид бин Мусайяб, Хасан Басри, Ибрахим Нахаи, Саид бин Джубейр, Ата бин Аби Рабах, Нафи. (“Мусаннаф ибн Аби Шайба” 1/216, “Мусаннаф Абдурраззак” 1/41). Бирок алар кездеме байпактарга масх тартуу үчүн негиз катары тери байпактардын касиеттерин, сапаттарын алып мындай шарт коюшкан: кездеме байпак тыгыз, мурда айтылып кеткендей сахин жана сафик (тыгыз) категориясына кирүү керек жана үч шартка жооп берүү керек. Үч шарт жогоруда айтылган. 

Жогоруда айтылгандай кебир сахабалар кездеме байпактарга масх тартууга уруксат беришкен, бирок, ал кандай байпак, эмне материалдан жасалышы керек, калындыгы кандай болуш керектиги айтылган эмес. Ал эми Хасан Басри, Саид ибн Мусйяб жана Ибрахим Нахаиден кездеме байпак (жаураб) калың, тыгыз болуш керек деп риваят келет.

عن قتادة عن سعيد بن المسيب والحسن أنهما قالا يمسح على الجوربين إذا كان صفيقين. (مصنف ابن أبي شيبة ١/۲١٦ ط: دار الفكر).

عن يزيد بن أبي زياد أنه رأى إبراهيم النخعي يمسح على جرموقين له من ألباد. (مصنف عبد الرزاق ١/۲٠٠ رقم: ٧۸٠ ط: سعيد).

Имам Тирмизи дагы Мугира бин Шубанын хадисти алып келгенден кийин мындай жазды: “Ушул ойду мужтахид аалымдар алган: Суфьян Саури, Абдуллах бин Мубарак, имам Шафи, имам Ахамд жана имам Исхак, бирок качан кездеме байпак (жаураб) сахин болот.

وهو قول غير واحد من أهل العلم، وبه يقول سفيان الثوري وابن المبارك والشافعي وأحمد وإسحاق، قالوا: يمسح على الجوربين وإن لم يكن نعلين، إذا كانا ثخينين, (جامع الترمذي ١/١٦۸ ط: دار احياء التراث العربي بيروت).

Ошондой болсо да, мужтахиддердин ортосунда кездеме байпактарга (жаурабка) масх тартуу талаш маселе болуп эсептелет. Бирок, буга карабастан биз динди жеңилдетүү үчүн жаурабга масх тартууга уруксат деп эсептейбиз, эгерде алар сахин категориясына кирсе жана башында айтылган үч талапка толук жооп бере турган болсо. Жана мисал катары аалымдар кийизден согулган байпакты алышат. Алар үч талапка толук жооп беришет. Ал эми бул талаптарга жооп бербей турган, була, жүн, ийрилген жип жана  өтө жука териден жасалган  байпактар болсо, аларды “хуфф” катары колдонбош керек.

Жыйынтык:

1. Кездеме байпака (жаураб) масх тартуу боюнча Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) дан (марфу хадситерде) бир да ушундай риваят жок, кайсы хадисти жалпы мухаддистер жана мужтахадтер сахих деп эсептейт.

2. Куран Каримдин негизи өкүмү бутту жууш. Ошол үчүн бул өкүм алсыз хадистердин себебинен калтырылбайт.

3. Кайсы хадистерде кездеме байпакка масх тартса болот деп келди, ал хадистерде байпактын сапаттары айтылган жок. Ал кандай материалдан жасалуу керек жана калындыгы канчалык болуу керек.

4. Кайсы сахабалар кездеме байпакка масх тартууга уруксат беришкен, алар дагы байпактын сапаттын айтып берген эмес. Алар өздөрү кайсы байпактарга масх тартышкан, кандай материалдан болгон жана калындыгы кандай болгон айтышкан эмес.

5. Кебир табийиндер жаураб тыгыз, калын болуш керек деп келет. Жана бул риваяттар башка риваяттарда жаурабтын сапаттарын бекиткенге жарайт.

6. Табийин жана мужтахид имамдардын арасында кездеме байпакка масх тартуу боюнча кайчы пикирлер бар. Кебирлер тыюу салышат, башкалар уруксат беришет. Ал эми уруксат бергендер кездеме байпак (жаураб) сахин жана сафик болуш керек деп шарт коюшат.

7. Табийндерден, мужтахид имамдардан жана төрт мазхабта жөнөкөй жука, кездеме байпакка масх тартууга уруксат берилген эмес.

 

 

Автор:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Иcмайилов Жигитали
17:27

Башка фатвалар

Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Бөлөк бирөө үчүн курмандык ча
Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Малдын тиши таптакыр жок, же
Курани Каримди соткадан дааратсыз окууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Куранды жат билген Каары дааратсыз окууга мүмкү