KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Календарда берилген убакыт менен ооз жабуу зарылбы?

Календарда берилген убакыт менен ооз жабуу зарылбы?
Календарда берилген убакыт менен ооз жабуу зарылбы? Эгерде оз жапканга жетишпей калса кийин жапса болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

— Орозо кармаган адамдарда “ооз жабуу” деген түшүнүк бар, мындайча айтканда, адам саарлыкка туруп бир нерсе жеп жана дуба кылып, орозо үчүн оозун жапкан сыяктуу болот. Жана кээ бирөөлөр саарлыкта бир нерсе жеп, же бир нерсе ичпесе, анда “оозу жабылбайт” жана туткан орозосу кабыл болбойт деп ойлошот. Ушундай да болот. Кээ бирөөлөр саарлык убактысы өтүп кеткенден кийин ойгонушат да, жок дегенде бир ууртам суу жутуп, дубасын окубаса, орозо башталбайт деп ойлошуп, суу жутуп алышат да, өздөрүнүн орозолорун бузган учурлар да кездешет.  Бул саарлык жөнүндө туура эмес түшүнүк. Эгерде, адам саарлыкка уктап калса, анын эч айыбы жок, ал эч нерсе жебей, суу ичпей, орозо кармоосун уланта берүүсү керек.

ولو نوى قبل أن تغيب الشمس أن يكون صائما غدا ثم نام أو أغمي عليه أو غفل حتى زالت الشمس من الغد لم يجز وإن نوى بعد غروب الشمس جاز كذا في الخلاصة. (الفتاوى الهندية ١/١٩٥ ط: رشيديه).

— Азыркы учурда, Диний башкармалыктар ифтарлыктын жана саарлыктын убактысы көрсөтүлгөн календарларды чыгарышууда. Кээ бирөөлөр календардагы саарлык убактысын сакташпайт, календарда саарлык убактысы бүтүп калса да тамактанууларын уланта беришет. Бул туура эмес, анткени,  субх ас-садык убактысынын кирүүсүн аныктоо ыкмалары тажрыйбада өзүнүн тактыгын далилдеди жана эгерде адам бул убактыларды көңүлгө албай, саарлык убактысы бүткөнүнө карабастан жеп-иче бере турган болсо, ал өзүнүн орозосун бузат.  Ошондуктан, убакыт туура эсептелген соң, көрсөтүлгөн убакытты сактап жана анын кирүүсүнө бир  нече мүнөт калганда тамак ичүүнү токтотуусу керек, болбосо орозо бузулуп калуусу мүмкүн.

 (النهار ضد الليل) قال في الشرح: النهار عبارة عن زمان ممتد من طلوع الفجر الصادق إلى غروب الشمس، وهو قول أصحاب الفقه واللغة. (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص:٦٣١ ط: دار الكتب العلمية).

"كلو واشربوا حتى يتبين لكم الخيط الأبيض من الخيط الأسود من الفجر" إلخ (البقرة الآية:١٨٧).

ويكره السحور إلى وقت يقع فيه الشك هكذا في السراج الوهاج. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٠ ط: رشيديه).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
21:03
1464

Башка фатвалар

Гусул алгандан кийин кайра даарат алуу зарылбы?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен الجواب حامدا ومصليا    
Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
  Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кыймылсыз мүлк, эгерде ал
Дамланы чакырып дем салдыруу туурабы жана ошондо берилген акча адалбы?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим