KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Курман айт майрамы күнү кайсы малды курмандык чалууга уруксат берилет?

Курман айт майрамы күнү кайсы малды курмандык чалууга уруксат берилет?
Курман айт майрамы күнү кайсы малды курмандык чалууга уруксат берилет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Курман айт майрамы күнү үч түрдүү малды курмандык чалууга уруксат берилет:

1. Төөнүн эркеги жана ургаачысы.

2. Кочкор, кой, теке, эчки.

3. Бука, уй.  

Курмандык чалуунун дагы бир шарты, союла турган мал жапайы эмес, колдун малы болууга тийиш.

Жогоруда аталып кеткен малдан бөлөк бир дагы малды, мисалга, жылкы, үй канаттуулары жана ушул сыяктууларды курмандык чалууга болбойт.  Анткени, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам жана салаваттары болсун) жогоруда аталып кеткен малдын тышкары бир дагы малдын курмандык чалынганы айтылган эмес.

ولا يجوز في الأصاحي شيء من الوحشي فإن كانت متولدا من الوحشي و الأنسي فالعبرة للأم فإن كانت أهلية تجوز. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٧ ط: رشيديه).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
18:05
1488

Башка фатвалар

Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Бөлөк бирөө үчүн курмандык ча
Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Малдын тиши таптакыр жок, же
Тукумсуз малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Тукумсуз ургаачы малды бычылган эркек