KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Биргелешкен курмандыкты кантип туура жасоо керек?

Биргелешкен курмандыкты кантип туура жасоо керек?
Биргелешкен курмандыкты кантип туура жасоо керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Биргелешип курмандык жасоого уруксат берилет. Мындайча айтканда, бир нече адам чогулуп, бир малды курмандык жасоого мүмкүн.

– Бул мындайча болот, бир нече мусулман биргелешип бир малды сатып алышат жана бардыгынын атынан аны курмандык чалышат. Курмандык малын мууздоочу адам соёрдун алдында курмандыкка катышуучу  бардык адамдардын атынан ниет кылат.

ذبح حيوان مخصوص بنية القربة في وقت مخصوص قال في البدائع فلا تجزئ التضحية بدونها لأن الذبح قد يكون للحم وقد يكون للقربة. (رد المحتار ٦/٣١٢ ط: سعيد).

Курмандыкка катышкан адамдын саны эки, үч же андан көбүрөөк, бирок жети адамдан ашпоого тийиш. Жетиден ашыгына уруксат берилбейт.

والبقر والبعير يجزئ عن سبعة إذا كانوا يريدون وجه الله تعالى والتقدير بالسبع يمنع الزيادة ولا يمنع النقصان كذا في الخلاصة. (الفتاوى الهندية ٥/٣٠٤ ط: رشيديه).

Биргелешип курмандык чалууга ири малга гана уруксат берилет. Кочкорду,  койду, текени  жана эчкини, эгерде алар өтө чоң жана семиз болсо да бар гана киши курмандыкка чала алат. 

وأما قدره فلا يجوز الشاة والمعز إلا عن واحد وإن كانت عظيمة سمينة تساوي شاتين مما أن يجوز أن يضحي بهما... فبقي الأمر على الأصل القياس. (بدائع الصنائع ٥/٧٠ ط: دار الكتب العلمية).

Ар бир курмандыкка катышкан адамдын  үлүшү союлган малдын этинин жетиден биринен  кем болбоого тийиш. Эгерде, кимдир бирөөнүн үлүшү мындан кем болсо, кылган курмандыгы жараксыз болот. Мисалга, бир катышуучунун  үлүшүнүн өлчөмү  курмандык этинин жетиден биринин жарымын түзсө, ал эми бөлөгүнүкү жетиден биринин жана дагы жарымынын  өлчөмүн түздү дейли, ал эми курмандыкка катышуучулардын саны сегиз жана андан көп болсо, анда ар биринин үлүшү жетиден биринен азыраак болуп калат.

في الدر: ولو لأحدهم أقل من سبع لم يجز عن أحد. (رد المحتار ٦/٣١٥ ط: سعيد).

Биргелешкен курмандык чалууда ар бирисинин иштеп тапканы арамдан эмес, адалдан болуусуна көңүл буруу керек. Эгерде, кимдир бирөөсүнүн иштеп тапканы арам болсо, кылынган курмандык жараксыз болот жана Жараткан Алла Таала тарабынан кабыл алынбайт. Ушундай иш-чараларды уюштуруучулар буга өзгөчө көңүл буруулары тийиш.

عن سعد قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: إن الله طيب يحب الطيب نظيف يحب النظافة كريم يحب الكرم... إلخ (رواه الترمذي).

عن أبي هريرة يقول أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "إن الله عز وجل يقبل الصدقة ولا يقبل منها إلا الطيب، يقبلها بيمينه... إلخ (رواه أحمد في مسنده).

– Биргелешкен курмандык чалууда малды мууздап жаткан учурда ар бир катышуучунун аттарын айтуу зарыл эмес, союучу адам көңүлүндө баланчанын, түкүнчөнүн атынан деп ниет кылып коюусу жетиштүү.

فلا تتعين الأضحية إلا بالنية وقال النبي صلى الله عليه وسلم "إنما الأعمال بالنيات وإنما لكل امرئ ما نوى" ويكفيه أن ينوي بقلبه ولا يشترط أن يقول بلسانه. (بدائع الصنائع ٥/٧١ ط: دار الكتب العلمية).

Кээде, ар бир катышуучунун иштеп тапканынын адал арамын аныктоо өтө оор болот, ал эми ар биринин ак ниеттүүлүгүнө кепилдик берүү бүгүнкү күндө мүмкүн эместигин жакшы билебиз. Мындай учурда, аалымдар жазуу же оозеки түрдө кимде ким арам каражатка курмандык чала турган болсо, жоопкерчилигин өзү аларын кулактандырып коюуга кеңеш беришет.

عن أبي هريرة يقول: أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "إن الله عز وجل يقبل الصدقة ولا يقبل منها إلا الطيب يقبلها بيمينه... إلخ (مسند أحمد ٩/١٥٠ رقم الحدث: ٩٢١٧ ط: دار الحديث القاهرة).

– Малды сатып алган соң акча артып кала турган болсо, анда аны барабар өлчөмдө курмандыкка катышкандарга таратып берүү керек. Уюштуруучулардын ал акчадан, эмгек акысы же сыйлык түрүндө өздөрүнө алып калууга акылары жок. Бирок, башынан жалпы макулдашуу аркылуу акы белгилеп коюшса,  анда уруксат берилет.

فتاوى رحيميه ١٠/٤٥ ط: دار الاشاعت.

– Биргелешкен курмандык чалууда, эгерде катышуучулардын бири малды мууздоого уруксатын бербей турган болсо, бирок ага карабастан мууздап коюшса, анда катышуучулардын биринин да курмандыгы жарактуу болбойт.

ولو ضبح الباقون بغير إذن الورثة ر يجزيهم لأنه لم يقع بعضها قربة لعدم الإذن منهم فلم يقع الكل قربة ضرورة عدم التجزئ. (الفتاوى الهندية ٥/٣٠٥ ط: رشيديه).

Биргелешкен курмандык чалууга катышууга курмандык малын сатып ала электе кошулган жакшы. Бирок, аны сатып алгандан кийин да кошулууга уруксат берилет..

ولو اشترى بقرة يريد أن يضحي بها ثم أشرك فيها ستة... وإن فعل ذلك قبل أن يشتري كان أحسن. (الفتاوى الهندية ٥/٣٠٤ ط: رشيديه، رد المحتار ٦/٣١٧ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+2
18:43
1040

Башка фатвалар

Биргелешкен курмандык чалууда малдын этин кантип туура бөлүштүрү керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, курмандыкка  ири
Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا 1.
Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп калса, даарат алуу үчүн саптан кантип чыгуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп ка