Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
1. Карыз берүүдө, сөзсүз карыз алуучунун карызды качан, кайсы жылы жана кайсы айда кайтарып берүүсү такталуу керек;
2. Карыздын келишими түзүлөт, же болбосо акчаны алгандыгы тууралуу карыздардан тил кат алынат;
3. Булардын бардыгы эки күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Күбөлөр эки эркек же бир эркек эки аял болуусу мүмкүн.
"يايها الذين ءامنوا إذا تداينتم بدين إلى أجل فاكتبوه" (البقرة الآية: ۲۸۲).
Котормосу: “Эй, иман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула!” (Сүрө Бакара, 282 аят).
والله أعلم بالصواب
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали