Курмандык малын түндөсү союуга уруксат берилеби?
![Курмандык малын түндөсү союуга уруксат берилеби? Курмандык малын түндөсү союуга уруксат берилеби?](/upload/000/u2/e/b/454d4e3f.jpg)
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Курмандыктын малын күндүзү да жана түндөсү да союуга уруксат берилет, бул жагынан азыркы учурда, түндөсү жарык маселеси боюнча эч кандай кыйынчылык жок. Фикх китептеринде, түндөсү союу дурус эмес, анткени түндөсү жарыктын начардыгынан союу учурунда жаңылыштык кетүүсү мүмкүн деп айтылат. Ал эми азыркы учурда Кудайга шүгүр, түндөсү жарык маселесинде эч кандай кыйынчылык жок, ошондуктан, Зуль-хижжанын онунан баштап, он экинчи күнү күн батып кеткенге чейин күндүзү болсун, түнү болсун, курмандыкты чалууга уруксат берилет.
وأيام النحر ثلاثة يوم الأضحى وهو اليوم العاشر من ذي الحجة والحادي عشر والثاني عشر وذلك بعد طلوع الفجر من اليوم الأول إلى غروب الشمس من الثاني عشر... منها إنها تجب في وقتها وجوبا موسعا ومعناه أنها تجب في جملة الوقت غير عين كوجوب الصلاة في وقتها ففي أي وقت ضحى من عليه الواجب كان مؤديا للواجب... إلخ (بدائع الصنائع ٥/٦٥ ط: دار الكتب العلمية).
ويجوز الذبح في لياليها إلا أنه يكره لاحتمال الغلط في الظلمة. (البحر الرائق ٨/٣٢٢ ط: دار الكتب العلمية).
فقط و الله اعلم