KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Курмандыкка чалынган малдын этин эмне кылуу керек?

Курмандыкка чалынган малдын этин эмне кылуу керек?
Курмандыкка чалынган малдын этин эмне кылуу керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Курмандык малы союлуп бүткөн соң, этин барабар  үчкө бөлүү керек. Бир бөлүгү садака иретинде таратылат, экинчи бөлүгү бышырылып дасторконго коюулат, ал эми үчүнчү бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө калтырып коюу керек.

Курмандык малынын этинен ооз тийип коюу мустахаб амал.

– Курмандыктын этинин бардыгын деле өзүнө калтырып коюуга уруксат берилет, анткени курмандык чалуу важиб, ал эми анын этин таратуу мустахаб амал болуп эсептелет.

في الرد: قال في البدائع: والأفضل أن يتصدق بالثلث ويتخذ الثلث ضيافة لأقربائه وأصدقائه ويدخر الثلث ويستحب أن يأكل منها ولو حبس الكل لنفسه جاز لأن القربة في الإراقة والتصدق باللحم تطوع. (رد المحتار ٦/٣٢٨ ط: سعيد).

Садакага таратыла турган эттин өлчөмү, бардык эттин үчтөн биринен кем болбоосу дурус (мустахаб).

Эгерде үй бүлөсү чоң болсо, анда садака кылбай, баарын жесе да болот.

في الدر: (ويأكل من لحم الأضحية ويؤكل غنيا ويدخر ندب أن لا ينقص التصدق عن الثلث) وندب تركه لذي عيال توسعة عليهم.(رد المحتار٦/٣٢٧-٣٢٨ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
20:46
1047

Башка фатвалар

Биргелешкен курмандык чалууда малдын этин кантип туура бөлүштүрү керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, курмандыкка  ири
Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Малдын тиши таптакыр жок, же
Курман айт майрамы күнү кайсы малды курмандык чалууга уруксат берилет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Курман айт майрамы күнү үч түрдүү мал