KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга болобу?

Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга болобу?
Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга уруксат берилет, бул алар үчүн пайдалуу жана сооптуу.

Бир нече  маркумдар үчүн ал эмес жалпы Аллахтын Элчисинин (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) үммөтү үчүн курмандык чалып жана сообун алар үчүн багыштоого болот. Бул учурда адам бүтүндөй малды курмандыкка чалабы же анын бөлүгүнбү (бодо малдын) айырмасы жок, жалпы үммөт сооп алат. Биргелешип курмандык чалууда, курмандык чалынган малдын бир бөлүгүн көп адамдар үчүн да жана жалпы үммөт үчүн  да арнап коюуга болот.

 في الرد: قال في البدائع لأن الموت لا يمنع التقرب عن الميت بدليل أنه يجوز أن يتصدق عنه ويحج عنه وقد صح "أن رسول الله صلى الله عليه وسلم ضحى بكبشين أحدهما عن نفسه والآخر عمن لم يذبح من أمته" وإن كان منهم من قد مات قبل أن يذبح. (رد المحتار ٦/٣٢٦ ط: سعيد).

Эгерде, маркум мен үчүн курмандык чалып койгула деп   керээз калтырып кеткен болсо, анда курмандык чалынган малдын бардыгын же анын бир бөлүгүн ошол адам үчүн ниет кылып койсо болот, бирок бир адамдан ашыгына ниет кылууга уруксат берилбейт. Ошондой эле, курмандык чалган адам курмандыктын бардык этин садака кылып жиберүүгө жана өзү андан жебөөгө тийиш. 

في الرد: (قوله عن ميت) أي لو ضحى عن ميت وارثه بأمره ألزمه بالتصدق بها وعدم الأكل منها، وإن تبرع بها عنه له الأكل لأنه يقع عن ملك الذابح والثواب للميت. (رد المحتار ٦/٣٣٥ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
0
07:03
1535

Башка фатвалар

Аялы үчүн курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, аял колунда бар болсо
Курмандыкты бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, кимдир бирөө Курман айт күнү
Жаракаты бар малды курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, мал кандайдыр бир соккудан жа