KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Курмандыкты бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте чалууга болобу?

Курмандыкты бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте чалууга болобу?
Курмандыкты бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте чалууга болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде, кимдир бирөө Курман айт күнү бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте курмандык чалгысы келе турган болсо, шариятта уруксат берилет, бирок  курмандык чалган учурда эки мамлекетте тең курмандык чалынуучу күндөр болуусу шарт, анткени кээде эки мамлекеттин курмандык чалынуучу күндөрү бири бирине дал келбей калуусу мүмкүн, ушул жагын эске алып коюу керек. Кээде ар бир мамлекетте айдын жаңыруусуна карата бир күн айырма болуусу мүмкүн. Курмандык чалынуучу күндөр Зул-хижжа айынын 10, 11 жана 12-күндөрү. Буларга болгон зарылдык өзгөчө ажылык күндөрү келип чыгат. Мисалга, кимдир бирөө Сауд  Аравиясында болуп жана ал үчүн Кыргызстанда өзүнүн жакындарынын курмандык чалып коюусун суранат дейли.  Саду Аравиясында Курман айт Кыргызстанга караганда бир күн эрте, мисалга 10-июлда эмес, 9-июлда башталат.  Бул учурда курмандыкты 10 же 11-июль күнү чалуу керек, анткени, Сауд Аравиясында 10-июль Курман айттын экинчи күнү болсо, ал эми Кыргызстанда биринчи күнү болот. Эгерде, Сауд Аравиясында курмандыкты 9-июлда чалса,  Кыргызстанда бул күнү Курман айт баштала элек болот да чалынган курмандык жараксыз болуп калат, жана ошондой эле 12-июль күнү Кыргызстанда чалынган курмандык, Сауд Аравиясында жараксыз болот, анткени ал күнү ал жерде Курман айт өтүп кеткен болот. Мындайча айтканда, Курман айт күндөрү бири бирине туш келе турган болсо, курмандык малын кайсы өлкөдө чалса да боло берет.

لأن الذبح هو القربة فيعتبر مكان فعلها لا مكان المفعول عنه، وإن كان الرجل في مصر وأهله في مصر آخر فكتب إليهم أن يضحوا عنه روي عن أبي يوسف رحمه الله تعالى أنه اعتبر مكان الذبيحة فقال ينبغي لهم أن لا يضحوا حتى الإمام الذي فيه أهله وإن ذحوا عنه قبل أن يصلي لم يجزه وهو قول محمد عليه الرحمة، و قال الحسن بن زياد رحمه الله تعالى انتظرت الصلاتين جميعا... إلخ (بدائع الصنائع ٥/٧٤ ط: دار الكتب العلمية).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
19:25
769

Башка фатвалар

Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Бөлөк бирөө үчүн курмандык ча
Аялы үчүн курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, аял колунда бар болсо
Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Өтүп кеткен маркумдар үчүн ку