KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Аялы үчүн курмандык чалууга болобу?

Аялы үчүн курмандык чалууга болобу?
Аялы үчүн курмандык чалууга болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Эгерде, аял колунда бар болсо жана зарылдыгынан тышкары нисабдын наркына жетээрлик мүлккө ээлик кылса, анда ага курмандык чалуу милдеттүү (важиб) болот. Күйөөсү бул учурда ал үчүн курмандык чалууга милдеттүү эмес.

– Эгерде, күйөөсү аялынын уруксаты менен ал  үчүн курмандык чала турган болсо, анда аялы курмандык чалуу милдетинен  бошотулат. Ал эми күйөөсү ал үчүн курмандык чалбай турган болсо, анда ага курмандык чалуу милдети жүктөлөт.

وليس على الرجل أن يضحي عن أولاده الكبار وامرأته إلا بإذنه. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٣ ط: رشيديه).

Жубайлардын бирөөсүнүн курмандык чалуусу, экөөсүнө эсептелбейт, бирок курмандык чалуу жубайлардын экөөсүнө тең милдеттүү (важиб) болсо, анда ар бири өзү үчүн курмандык чалууга тийиш.

Эскертүү: Нисаб – бул жашоого зарыл каражаттардан тышкары акчалай эквивалент менен да жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аркылуу да  чагылдырылар турган тиешелүү мүлктүн өлчөмү. Нисабдын өлчөмү шариятта – күмүш менен 200 дирхамды жана алтын менен 20 мыскалды түзөт. Бүгүнкү чен бирдиги боюнча 200 дирхам 612, 35 грамм күмүш, ал эми 20 мыскал 87, 498 грамм алтынды түзөт. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөөнүн 612, 35 грамм күмүшү же 87, 498 грамм алтыны болсо, же нисабдардын бирине барабар эквиваленттеги  хажат аслияга (күнүмдүк турмушта колдонуучу нерселер) кирбеген акчалай суммасы болсо, ал адамга садака фитр төлөө милдеттүү (важиб) болот.

قال: (الأضحية واجبة على كل حر مسلم مقيم موسر في يوم الأضحى عن نفسه وعن ولده الصغار). (الهداية ٤/٤٠٣ ط: دار الكتب العلمية).

هي واجبة على الحر المسلم المالك لمقدار النصاب فاضلا عن حوائجه الأصلية... ولا يعتبر فيه وصف النماء (الفتاوى الهندية ١/١٩١ ط: رشيديه).

(اوزان شرعيه مفتي شفيع أحمد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
0
11:07
913

Башка фатвалар

Курмандыкты бөлөк бирөөлөр үчүн башка мамлекетте чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, кимдир бирөө Курман айт күнү
Өтүп кеткен маркумдар үчүн курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Өтүп кеткен маркумдар үчүн ку
Жаракаты бар малды курмандык чалууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, мал кандайдыр бир соккудан жа