Эгерде, малдын кулагы жок болсо, ал курмандык чалууга жарайбы?
![Эгерде, малдын кулагы жок болсо, ал курмандык чалууга жарайбы? Эгерде, малдын кулагы жок болсо, ал курмандык чалууга жарайбы?](/upload/000/u2/a/b/egerde-maldyn-kulagy-zhok-bolso-al-kurmandyk-chaluuga-zharaiby-photo-big.jpg)
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
− Эгерде, малдын кулагы тубаса жок болсо, же кулагынын үчтөн бири же андан көбүрөөгү жок болсо, анда мындай малды курмандык чалууга уруксат берилбейт.
ولا تجوز العمياء... و التي لا أذن لها خلقة. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٧ ط: رشيديه).
− Эгерде, малдын кулагы узунунан же учунан же түбүнөн тилинип, салаңдап калган болсо, анда андай малды курмандык чалууга уруксат берилет, бирок дурус эмес.
في الرد: تجزئ الشرقاء مشقوقة الأذن طولا، والخرقاء مثقوبة الأذن، والمقابلة ما قطع من مقدم أذنها شيء وترك معلقا، والمدابرة ما فعل ذلك بمؤخر الأذن من الشاة. (رد المحتار ٦/٣٢٥ ط: سعيد).
− Эгерде, кулагы туулгандан кичине болсо, анда курмандык чалууга уруксат берилет.
في الدر: ولو لها أذن صغيرة خلقة أجزأت. (رد المحتار ٦/٣٢٤ ط: سعيد).
فقط و الله اعلم