KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Намазды көздөрүн жумган абалда окууга уруксат берилеби?

Намазды көздөрүн жумган абалда окууга уруксат берилеби?
Намазды көздөрүн жумган абалда окууга уруксат берилеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Намаз учурунда турган абалда (кыямда) көздөрдү жумуп албай, сажда кылуучу жерди карап туруу керек, рүкүдө буттарынын үстүн, сажда абалында мурундун учун, ал эми каадада (олтурганда) сандарын кароо керек. Намаз учурунда көздөрүн жумуп алуу макрух танзихи (жеңил макрух) болуп эсептелет. Бирок, эгерде кимдир бирөө намазда алагды болбой, оюн топтоо үчүн көздөрүн жумса, буга уруксат берилет. Бирок, муну адат кылбоо керек жана намазды ачык көз менен окуган жакшы.

ويكره للمصلي أن يغمض عينيه قيل لأنه من صنيع أهل الكتاب وقال في الاختيار لأنه عليه الصلاة والسلام نهى عنه. (حلبي كبير ص: ۳٥٠-۳٥١ ط: سهيل).

ويكره أن يغمض عينيه في الصلاة لما روي عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه نهى عن تغميض العين في الصلاة، ولأن السنة أن يرمى بصره إلى موضع سجوده وفي التغميض ترك هذه السنة زلأن كل عضو وطرف ذو حظ من هذه العبادة فكذا العين... إلخ (بدائع الصنائع ١/۲١٦ ط: دار الكتب العلمية).

اعلم والله فقط  

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Султанали Гапуров
Жакты
+2
16:36
1064

Башка фатвалар

Алыскы сапарларда поездде же автобуста намазды олтуруп окууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Транспорттун кайсы түрү болбосун, олуттуу себеп
Намазда дубаны кыргыз тилинде кылууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Намазда дубаны араб тилинен башка кыр
Курани Каримди соткадан дааратсыз окууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Куранды жат билген Каары дааратсыз окууга мүмкү