KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Жолоочу намаз окуу үчүн кыбыла тарапты кантип аныктай алат?

Жолоочу намаз окуу үчүн кыбыла тарапты кантип аныктай алат?
Жолоочу намаз окуу үчүн кыбыла тарапты кантип аныктай алат?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде, жолоочу кыбыла тараптын кайсы багытта экендигин билбей турган болсо, анда аны аныктоо үчүн жергиликтүү калктан суроо керек. Бул биринчиден жана бул ыкма эң жеңил жана так ыкма. Эгерде, кыбыла багытын сурай турган эч ким жок болсо, анда ал өз билими, жөндөмү менен аны аныктоого аракет кылуусу керек. Эгерде, ой-пикири кайсы бир багытты кыбыла ушул жак  деп чечсе, анда ал намазын ошол жакты карап окуйт. Эгерде, намазын окуп бүткөн соң кыбыла башка жакта экендиги аныкталса, намазы эсептеле берет, аны кайра окуунун кажети жок.  

Ал эми  эгерде,жолоочу кыбыланын багытын аныктоого аракет кылбай эле, намазын кайсы бир жакты карап окуп алса, андан соң кыбыла башка тарапта экендиги аныкталса, анда окулган намазы жараксыз болот жана аны кайрадан окууга тийиш, бирок эгерде кыбыла тарапты карап туура окуган болсо, анда аны кайрадан окуунун кажети жок .

Ар бир мусулман адам күнгө, айга же жылдыздарга карап кыбыла багытын аныктоону билүүгө тийиш, анткени бул татаал деле эмес жана өзгөчө илимди жана көп убакытты  да талап кылбайт.

وإن اشتبهت عليه القبلةولم يكن عنده مخبر ولا محراب تحرى ولا إعداة عليه لو أخطأ وإن علم بخطئه في صلاته استدار وبنى وإن شرع بلا تحر فعلم بعد فراغه انه أصاب صحت وإن علم بإصابته فيها فسدت كما لو لم يعلم إصابته أصلا. (نور الإيضاح ص: ٦٩ ط: إمداديه).

في الدر: (ويتحرى) هو بذل المجهود لنيل المقصود (عاجز عن معرفة القبلة) بما مر (فإن ظهر خطؤه لم يعد) لما مر (وإن علم به في صلاته أو تحول رأيه) ولو في سجود سهو (استدار وبنى)... إلخ (رد المحتار ١/٤۳۳ ط: سعيد).

وفي الرد: (فإن كان بحضرته من يسأله عنها لا يجوز له أن يتحرى بل يجب أن يسأل لما قلنا أي من أن السؤال أقوى من التحري... حتى لو أخبره بعد ما صلى لا يعيد كما في المنية. وفيها: لو لم يسأله وتحرى إن أصاب جاز وإلا لا... ورجح في البحر ما في الظهيرية من أنه لو ثلى في المفازة بالتحري والسماء مصحية لكنه لا يعرف النجوم فتبين أنه أخطأ لا يجوز لأنه لا عذر لأحد في الجهل بالأدلة الظاهرة كالشمس زالقمر وغيرهما. أما دقائق علم الهيئة وصور النجوم الثوابت فهو نعذور في الجهل بها. (رد المحتار ١/٤۳١-٤۳۲ ط: سعيد).

فقط والله اعلم    

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Султанали Гапуров
Жакты
+2
16:57
2027

Башка фатвалар

Көкүрөк кыбыла тараптан бурулуп кетсе, намаз бузулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде намаз окуучунун көкүрөгү
Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا 1.
Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп калса, даарат алуу үчүн саптан кантип чыгуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Жамаат менен намаз окуп жатып даарат бузулуп ка