KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Каза намазы деген эмне?

Каза намазы деген эмне?
Каза намазы деген эмне?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Каза – бул кайсы бир ибадатты өз убагында эмес, анын белгиленген убактысы өтүп кеткенден кийин аткаруу. Белгилүү болгондой, Исламда ибадаттын кээ бир түрлөрү,  (мисалга, күндөлүк фарз намаздар, Рамазан айынын орозосу ж.у.с.) аларды өз белгиленген убагында гана аткаруу керек. Өз убагында окулган намаз шариятта “ада” деп аталат. Ал эми кайсы бир себептер менен тигил же бул ибадат өз белгиленген убагында эмес,  бөлөк убакта  аткарыла турган болсо, ал “каза” деп аталат.

– Окулбай калган намаздардын ордун толтуруп окуу “каза” деп аталат.

الواجب بحكم الأمر نوعان أداء وقضاء، فالأداء عبارة عن تسليم عين الواجب إلى مستحقه والقضاء عبارة عن تسليم مثل الواجب إلى مستحقه... إلخ (أصول الشاشي ص: ١٠١-١٠٢ ط: البشرى).

– Бир калтырылган намаз үчүн бир каза намазын окуу жетиштүү болот.

لأن القضاء يجب جبرا للفائت (بدائع الصنائع ٢/٩٧ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
07:22
1557

Башка фатвалар

Каза намаздарды окууда азан жана коомат айтуу керекпи, кененирээк айтып кетесизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Бардык фарз намаздар үчүн, убагындагыбы же каза
Багымдаттан кийин күн чыкканга чейин каза намаздарды окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Багымдат намазды окугандан кийин күн чыгып башта
Каза намаздарды отуруп окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Негизи, каза намаздары да парз намаздары сыякту