Жашыруун нике
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Нике – бул Алланын Элчисинин (соллаллооху алейхи ва саллам) сүннөтү. Алланын Элчиси (соллаллооху алейхи ва саллам):
"النِّكَاحُ من سُنَّتِي... إلخ" (سنن ابن ماجه رقم الحديث: ١۸٤٦).
Котормосу: “Нике бул менин сүннөтүм” (Ибн Маджа 1846).
Нике, эгерде ал туура ниет менен жана бардык шарттары жана талаптары аткарылуу менен кыйыла турган болсо, Алла жактырган амал жана көптөгөн жакшылыктарды алып келет. Бирок бул Алла жактырган амалды ата-эненин уруксатысыз иш жүзүнө ашыруу никенин исламдык этикасына карама-каршы келет. Алланын Элчиси (соллаллооху алейхи ва саллам) айткан:
"فصل ما بين الحرام و الحلال الدف والصوت" (جامع الترمذي رقم الحديث: ١٠۸۸).
Котормосу: “Адал менен арамдын ортосунда айырма – тамбурин (цилиндр түрүндөгү добулбас) жана жарыя” (Тирмизи 1088).
Бөлөк хадисте айтылган:
"أعلنوا هذا النكاح، واجعلوه في المساجد، واضربوا عليه بالدفوف" (جامع الترمذي رقم الحديث: ١٠۸٩).
“Бул нике жөнүндө жарыя кылгыла, аны мечитте өткөргүлө жана бул окуя боюнча добулбас ургула” (Тирмизи 1089).
Мындайча айтканда Алланын Элчиси (соллаллооху алейхи ва саллам) баланча эркек жана баланча аял турмуш куруп жаткандыгын элдердин билүүсү үчүн, никени ачык кыюуга өкүм кылган.
Никени жашыруун кыюу Алланын Элчисинин (соллаллооху алейхи ва саллам) сүннөтүнө каршы келет. Жана хадистерден билгендей, мындай никени Алланын Элчиси (соллаллооху алейхи ва саллам) зынага теңеген. Адатта, жашыруун нике үй-бүлө түзүү үчүн эмес, дене кумарын кандыруу үчүн гана кыйылганын турмушта көрүп жүрөбүз. Мындай никеде тараптардын жоопкерчилиги болбой жана жубайлардын эч кандай милдеттери жок. Ошондой эле алар никесиз мамиле кылып жүргөндөрү менен айыпталуусу жана каалабаган кош бойлуулукка учурап калуусу мүмкүн. Алар өздөрүн жубай катары алып жүрө алышпайт. Мунун бардыгы никенин исламдык этикасына түп-тамырынан жатпайт.
Ислам шарияты боюнча нике – бул дене кумарын кандыруу эле эмес. Нике сүйүүнү, сый-урматты, тил алууну, жоопкерчиликти ж.б. камтыган бекем үй-бүлө түзүү, тукум улантуу үчүн түзүлөт. Ошондуктан, нике маселесине өтө олуттуу мамиле кылуу керек жана мусулмандарга никени жашыруун кыюу жарашпайт.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق